Сөз эркиндигин талкуулоодо Шыкмаматовдон кийин 10 жыл журналист болуп иштеген депутат Рыскелди Момбеков: “Кыргызстандагы гезиттердин, ТВлардын, сайттардын  көбү байлардыкы, алар ээсинин айтканын, дегенин чагылдырышат. Сөз эркиндиги элге таандык, бирок азыр андай болбой жатат” –деген мааниде бир чындыкты айтты. Туура,  ЖМКлардын көбү Бабанов баштаган байларга таандык экени ырас. Кайсы ЖМКны ким каржыласа, ошонун сөзү туура болсо да, туура эмес болсо да сүйлөшөт. Ошол эле учурда, Момбеков өзү да салмагы бар саясый гезит ээси экенин мурун жашырып келсе, азыр жашырбайт. Андыктан, гезит, ТВ, сайттардын ээлери “ал меники” деп ачык айтышы кажет го. Ачык айтпаса деле, аны эл эң сонун билет. Бир күнү баарын тизип санап деле чыгышат. Кыргызстандагы  ЖМКсындагы эң жаман көрүнүш – бул саясатчылар көп учурда кайсы бир басылмаларды, же журналисттерди саясый куралга айлантып жатканында. Бийлик болсо мамлекеттик ЖМКларды каалагандай калчап жатат. Анын сөз эркиндиги ар кандай болуп калат да, бир учурда өз чегинен ашса, бир учурда чегине жетпей дегендей…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here