Бүгүнкү ЖК жыйынында ӨКМдин маселеси каралып жатып, министр Бороновдун ордуна келген орун басарына сөз берилгенде, ал өзүн тааныштырбай эле: “15 пайыз техника жетишпейт”-деп кызуу сүйлөп баштады эле, “Өнүгүүнүн” депутаты Мирлан Бакиров, оозунан сөзүн жулуп алып: “Алгач, сиз өзүңүздү тааныштырып койсоңуз, эл билбейт экен.

Радио угуп жаткандар Бороновдун үнү өзгөрүп кеткен экен дешет го. ТВ көргөндөр кичине таанышы мүмкүн. Этикаңыз барбы? Же, эмне министр болгуңуз келип жатабы?”- деп жаакка “тарс” чапкандай, бозала кылып койду. Бул да бир четинен туура, өкмөт өкүлү андай чоң жыйында аты айтылбаган соң, ким экенин тааныштырып коюшу керек. Айтор, эл ал маселеде адашпашы кажет. Айрым, тың депутаттар жүдөгөн өкмөт мүчөлөрүн,  оюу жаман орун басарларды ушинтип, 1-класстын баласын урушкандай эле урушуп коюшат. Анан эмне, мандаттын, манчырканткан мансаптын күчү оңой дейсиңерби?!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here