Бүгүн ЖК жыйыны башталбай жатып адаттагыдай эле  “балээ” басты. Алгач эле “Бир болчу” Аскар Шадиев сөз эркиндиги тууралуу кеп козгоп, Атамбаевди жок жерден эле шыбап жаткандарды айтып, жетишкендерди санап, бир жинденип алды эле, аны улап Азамат Арапаев да кеп таштады. Капталдан кабыландай качырып Алмамбет Шыкмаматов учурдагы сөз эркиндигине болуп жаткан кысымды, шыбаганды КТРКнын мисалында айтып, аны “Шадиев эле көрбөй жатпаса, баары эле көрүп жатат” –деп Аскар мырзаны бир жөөлөп өттү. Андан кийин,  бир топ депутаттар да бул маселе боюнча өз ойлорун ортого ташташты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here