Мына ушундай маалыматты  Аймактагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Азат Капатов «Азаттыкка»  билдириптир. 12-марттан бери кар жаап, ага кошумча бороон айдап келген кар күрткүлөр эки метрден ашты. Айрыкча, Ак-Муз жана Өзгөрүш айылдарында түйшүк жаралып, тургундар өкмөттөн жардам сурап жатышканы белгилүү болду.  Шамал токтобой жаткандыктан, тазалоо иштеринен майнап чыкпай жатыптыр. Ак-Музга жакын 13 кыштоого алып барган жолду кар жаап калган. Капатов:

13 сарайды борошо басып турат. Ал жакта 26 адам бар. Алардын абалы жакшы, дайым байланыштабыз. Көчөдө автоунаада жүрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Адамдар күрткүнүн үстүндө жөө каттап жатышат— деп кошумчалады.

Табияттын өкүмүнө айла жок эмеспи. Андыктан, сактануу гана керек. Болгон аракеттерди, ыкчам, талапка ылайык чараларды көрүүдөн башка айла жок. Жаз мезгили башталганы менен быйыл жаздын өзү Теңир –Тоодо эмес, деми жылуу Чүйдө деле кечикти.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here