Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги аты жок чокуга “Апрель революциясынын баатырлары чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” мыйзам долбоору дароо 3 окууда тең каралды.Бул мыйзам долбоорунун Демилгечиси, КР маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун айтымында, мыйзам долбоору “Апрель революциясынын” баатырларынын ысымдарын түбөлүккө калтыруу максатында сунушталып жатыптыр. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3 окууда добуш берүүгө жиберилди. Туура, кыргыздын чокуларын башка өлкөлөрдүн президенттерине бергиче, эл –жер үчүн жанын беришкен баатырларга берүү ылайык болот. Мындай маанилүү, элдик маселеге кайсы эле депутат карыш пикир айтсын. Айтты дегиче, өлдү да, ар балээни көрдү да. Бирок апрель революциясынын баатырларынын үмүтү алгач өз ысымдарын тоо чокуларына ыйгаруу эмес болчу, эң алды мамлекеттин оңолушу, бийликтин тазарышы эле. Ушул үмүт акталбай турат. Муну бийлик качан иш жүзүнө ашырат болду экен деп калк күтүп жатат. Анткен менен азыркы бийликтин мөөнөтү ага жетпей деле калды, бүтүп баратат, мамлекеттик чоң реформаларды жасаса,  7 жылдан бери жасайт эле го…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here