Элибизге кеңири белгилүү, чоң саясатчы Иса Өмүркулов өткөн жуманын этегинде кутман курак 60 жашка толуптур. Бул тууралуу жалпы коомчулукка бүгүн ЖК жыйынында белгилүү болду. Иса мырзаны, спикер сыртта жүргөндүгүнө байланыштуу вице-спикер Данияр Төлөнов жалпы депутаттардын атынан куттуктап, белек берди.  “Алтымыштагы атаңдын алдап соолап күчүн ал” –деген элибиздин жакшы кеби бар эмеспи. Андыктан Өмүркуловдун эл үчүн, мамлекет үчүн иштеп бере турган мезгили али да алдыда. Чынында анын 60 жылдык өмүрү текке кеткен жок. Кыргызга кымбат иш кылды. Аны береги өмүр баянына көз чаптырып жакшылап билип алсаңыздар болот.

Чоң саясатта 20 жылдан ашык убакыт жүрүп, ар кандай жоопту кызматтарда иштеп, элге алынды. Аброй топтоду. Айрым учурларда катуу сындарга да кабылды. Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги менен аёсуз  күрөшкөндөрдүн бири экенин эл жакшы билет. Анын айынан өмүрүнө кол салуулар болду. Кийин, Бишкекти жетектеп турганда, ар кандай ыкмалар менен кылмыш козгошту, соттошту. Бирок:  “Ак ийилет, бирок сынбайт” болуп, өзүнүн актыгын далилдеди. Кыскасы, ал ушунча жылдан бери эл көзүндө болуп, өз ысымын кыргыз саясатынын тарых барктарына жазды десек болот.

Акыркы айларда эл оозунда КСДП Президенттикке көрсөтө турган  талапкерлердин бири дал ушул Өмүркулов болуп калышы мүмкүн деген кепти көп айтып жүрүшөт. Балким, талапкер болуп чыгып деле калышы мүмкүн. Ал тууралуу азыр өзү деле эч нерсе айта элек. Кыязы, быша элек маселе го. Эмнеси болсо да, эл катары биз да Иса мырзанын 60 жашы менен куттуктап, чың ден-соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайбыз. Эң башкысы ден-соолук жана аманчылык болсо, аманчылык баарын жеңет эмеспи. Саясатта жеңилбеңиз, ар дайым жеңиштер менен жүрүңүз!

Иса Өмүркулов 1957-жылы 12-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Тоолуу Маевка айылында туулган. Билими жогору.

1980-жылы Фрунзеги политехникалык институтту «инженер-механик» адистиги боюнча бүтүргөн.

1989-1990-жылдары Алматынын Жогорку партиялык мектебинин угуучусу болгон.

Эмгек жолу: 1976-1977 — Кыргыз ССР Илимдер академиясынын лаборанты

1978-1980 — Фрунзе шаардык транспорт агенттигинин диспетчери

1980-1981 —Кант райондук комсомол комитетинин инструктору

1981-1984 — Фрунзе шаардык №3 автоколоннанын башчысы

1984-1986 — Кыргыз ССР ЛКСМ Борбордук комтетинин инструктору

1986-1989 — Фрунзе шаарынын Свердлов райком партиясынын инструктор

1991-1994 — КРдин вице-президентинин жардамчысы, биринчи вице-премьер-министрдин жардамчысы

1994-1998 —КР башкы транспорт инспектору

1998-2005 — Темир жол башкармалыгынын жетекчиси

1995-2007 — Жогорку Кеңештин I, II, III чакырылыштарынын депутаты

2007-2010 — Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын КСДП тизмеси боюнча депутаты.

Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитеттин мүчөсү

2008 — Бириккен элдик кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү апрель,

2010 — февраль, 2011 — Бишкек мэринин милдетин аткаруучу февраль,

2011 — декабрь, 2013 — Бишкек шаарынын мэри

Октябрь, 2015 — КСДП саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Сыйлыктары: «Апрель элдик революциясынын каарманы» төш белгиси.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here