Өткөн жуманын этегинде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында айтылуу төкмө акын Ашыраалы Айталиев атабыздын 90 жылдыгына арналган  жаш ак таңдай акындардын айтышы болуп өттү. Бул «Жаш таңдай-айтыш-2017» айтышына  республиканын ар аймагынан 30 жашка чейинки 30дан ашык акындар катышты. Тандоо туруна 16 акын чоң айтышка тандалып алынды. Баарынан кызыгы, айтышта 13 жаштагы Элмирбек менен Темирбектин топ жарганы болду. Бул айтыш жаңы жүздөрдү элге алып чыкты. Айта турган болсок, 13 жаштагы Темирбек кызуу айтыш куруп 2-орунга ээ болду. Ал эми Мундузбек Усупбек уулу деген жигитибиз алгачкы жолу айтышка чыкканына карабай ийгилик жаратып, калкты да, калыстар тобун да ойго салган улуу сөздөрү менен өзгөчөлөнүп биринчи орунду багындырды. Дагы бир мыкты төкмө Асылбек Маратов 3-орунду алды. Ал эми баш байгени тилинен чаң чыккан Болот Назаров ээледи. Айтышты адаттагыдай Садык Шер-Нияз өзү колдоп башында туруп жана жаштардын мыктылыгына сүйүнгөнүн жашыра албай, чексиз кубанып турганын айтты. КСДП депутаты Рыскелди Момбеков ЖКнын спикеринин атынан 150 000 сом баш байгесин тапшырып, айтыш өнөрүнө урмат кылган бирден-бир депутат экенин дагы бир жолу тастыктап кетти.

Казактарды кечирим сурата алышабы?

Жакынкы эле айларда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Казакстандагы биздин өлкөнүн элчилиги төкмө акындар Аалы Туткучев менен Азамат Болгонбаев мындан 3-4 жыл мурун казактарга сөз тийгизип ырдап коюшуптур дешип, казак тараптан курун мойнуна салышып кечирим сурап жиберишкен.

Мына эми ошондо уялып жаман болушкандар намыстуу болушса, кыргыз элинин намысына камчы салып, аброюна көлөкө түшүрүп «кыргыз болгум келмейди, кыргыз болгум, бир-бирмен согусып кырылатын», деп шылдыңдап, мазактап ырдаган казактын акыны Ренат Зайтовду кыргыз элинен кечирим суратуу боюнча Казакстандын мамлекеттик органдарына нааразычылык нотасын тапшыра алышаар бекен?

Алмаз Темирбек уулу

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here