ЖК депутаты, «Айтыш» коомдук уюмунун негиздөөчүсү Садык Шерниязов аз күн мурун “Манас” эпосун көркөм фильм кылып тарта турганын жар салды. Ал киного кете турган акча азырынча 2 млн. доллар деп эсептелип жатыптыр. Тартса тартсын, негизи “Манасты” терең түшүнгөн адамдар тартышы керек, анан да жалгыз режиссёрдун тартышы кыйын, андыктан бир нече режиссёр, маселен 2 же үчөө тартса жакшы чыгышы мүмкүн. Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы дегендей. Ал эми каражат маселесин чечкенге өкмөт жана бизнесмендер жардам берсе болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here