Арпачиев дагы деле аксынып жатат. Башкы прокурордун орун басары болуп турганда далайларды какшаткан Кылычбек Арпачиев Карганбек Самаковдон акча өндүрө коймокчу болуп, 200 миң доллар пара талап кылып 100 миң АКШ доллар алып жаткан жеринен колго түшүп, Биринчи Май райондук соту тарабынан 14 жылга эркинен ажыратылган эле. Кийин шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бирок Арпачиевдин адвокаттары эки соттун чечимин акыйкатсыз деп арызданып жатышып, натыйжада 29-мартта Жогорку Сотко бул ишти кайра карамай болду. Арийне уурунун жолу кууш дегендей Арпачиевге карата эки инстанциянын чечимин Жогорку Сот деле күчүндө калтырса керек. Эл көрүп турган ишти кантип бурмалай алсын…
Булак: “Фабула”

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here