Абакта жаткан «Ата Мекендин» жактоочулары Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди Башкы прокуратура көрсөтмө берип кетүү үчүн чакырганы “Азаттыктан” маалым  болду. УКМКнын тергөө абагында жаткан Текебаев 9-мартта Башкы прокуратурага кайрылып, президент Алмазбек Атамбаевдин 6-мартта мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып айткан сөздөрүнө укуктук баа берүүсүн суранган болчу. Ошондой эле президенттин саламаттыгын текшерүү үчүн психиатриялык экспертиза жүргүзүү боюнча да өтүнүч келтирген.

Текебаевдин камалганына байланыштуу, буга чейин эч ким деле билбеген ушул эки жактоочунун атагы таш жарып бараткансыйт. Себеби, бийлик менен Текебаевдин ортосундагы  (сурак, сот, билдирүү ж.б.) кылт эткен кыймылдын баары дал ушул жактоочулар коомчулукка ЖМК аркылуу жар салып жатышат. Бул экөө күн сайын ЖМКнын бетин беришпей калды. Атактуулукка жетет деген ушул эмеспи. Бирок, бир жаман жери алар бийликтин чекесине чыккан, эң жек көргөн адамдарына айланып баратат десек болот.

Чектен чыктыңар деп, айлаларын таап, абактын төрүнө “көлдөлөң” салып олтургузуп койбосо болду. Бирок бийлик андай кадамга бара койбос, ал үчүн жактоочулар тараптан кашкайган мыйзам бузуулар керек болот. Азырынча, алардын андай деле кадамдарын байкай элекпиз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here