Жогорку Кеңештин  5-чакырылышынын депутаты, саясатчы  Нарынбек Молдобаев  менен :  саясат, Текебаевдин камалышы, экономика, коррупция, өлүм жазасы ж.б. темаларда кенен маектештик. Иштин көзүн билген, мамлекеттин өнүп-өсүшүнө өз салымын кошуп, ак эткенден, так этип  келаткан Нарынбек мырза өзүнүн омоктуу ойлорун ортого салды.

 -Нарынбек мырза, Текебаевдин камалышы тууралуу бийлик дагы, оппозиция дагы оз ойлорун айтышты.  Бул маселе боюнча сиздин пикириӊизди уксак…

Биринчиден элге эле кыйын болуп жатат. Эл негизинен ушуларды ревоюлционерлер деп абдан катуу ишенген да. Эл 2010-жылдагы революцияны: КСДП, “Ата Мекен” жана “Ак шумкар” партиялары жасады деп билет. Чынында эле бул партиялардын эски бийликти кулатууга чоң салымы бар.  Мындай да: “Революцияны абдан кыйын кишилер пландап, демилгилеп чыгат, ал эми аны жасагандар  орусча айтканда энтузиасттар жасашат. Кийин бийликтин пайдасын көргөндөр акмактар болот.”  Бул сөздү мен айткан эмесмин.  Муну Островский деген айткан. 2010-жылдагы революцияны негизинен эл жасады да. Ак үйдү алып жатканда кайсыл жакта эле. Керек болсо, бири дагы ал жерде болгон эмес, билебиз да. Эртеси эле, автор болуп чыга келишти. Туура, жогоруда айттык, салымы чоң. Бакиевдин бийлигине ачыктан-ачык каршы чыгып, апрель, ноябрь митингдерин чоң деңгээлде уюштурушту. Керек болсо, ошол ноябрь митингинде алып коймок. Кыскасы, жогоруда айткан үч партия революциянын автору болуп чыга келишкен соң, аягына чейин бирге болушу керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Сариев өзү кызматта иштеп жүрүп, акыры сүрүлүп калды. Ал эми Атамбаев менен Текебаев ушул кезге чейин каалаган саясатты жүргүзүшүп, каалаган адамды кызматка коюп, каалаганын кызматтан алып келишти го. Экөөнүн алдына кайсы саясатчы чыкты? Эч ким чыккан жок да.  Кыргызстанда ошол экөө гана чоң саясатчы болуп турушту го. Мунун элдин баары билет. Анан ушу маалда экөө ажырашып кеткени элге эле кыйын болду. Эл эми кайсы революционерге ишенет? 7 жылдан бери эмне деген гана саясый окуялар болбоду? Ким ага жоопкерчилик алды?! Эч ким алган жок. Мен Текебаевди таза деп айта албайм. Ал  да бир топ иштерге аралашты да. Күнөөсү бардыр. Мисалы, БНК боюнча эмнесин жашыралы.  Ал жерге Сайдулла Нышановду жетекчи кылып алып барган. Ал компаниянын баа саясаты, сатылышы боюнча да күдүк суроолор бар да. Ушуга окшогон иштерди мисалга тартсак болот. Алар өз ара бийликтеги майлуу кызматтардын баарын бөлүп алышты го. Маселен, бирөө Бажы, бирөө Транспорт министрлигин, бирөөсү “Кыргызнефтигазды”, дагы бирөөсү Көлдөгү бир топ пансионаттарды басып алды дегендей. Өзүң билесиң, бул жөнүндө сөз өтө узак…

-Маевский  тууралуу эмне айтасыз?

— Маевскийден Текебаевдин акча алганын билбейм, андыктан бир тараптуу айта албайм. Бирок “От болбосо, түтүн болбойт” –деген кеп бар. Ошол эле учурда Маевскийдин атагынан чатагы арбын, таза эмес адам экенин баарыбыз окуп билдик. Эмне үчүн ал 7 жылдан бери бийликке кайрылбай, так ушул Атамбаев менен Текебаевдин мамилеси бузулганда кайрылды? Бул жерде да элге ачыкка чыкпаган сыр жатат. Текебаев балким чоң кылмыш жасагандыр. Бирок аны үй камагына камап койсо, коомго эч кандай деле зыяны жок болмок. Бул сөздү мен эле эмес баары эле айтып жатышат. Азыр бир өздөрүн –өздөрү шайлап алышкан “Улуттук кеңеш” деген эме ар кайсы кепти айтып чыгып жатышат. Аларга элдин атынан сүйлөгөнгө ким укук берди? Алар эки тарапты элдештирип коёбуз деп жатышат. Элдештиргенди кой, элден мурун өздөрүнүн тазалыгын ойлошпойбу, эптеп эле, атыбыз болсо экен деп ар кандай ыкма менен бийликке умутулуунун эмне кереги бар? Көрдүк го, 7 жылдан бери, канча деген саясатчыларды камады, бирок бат эле ар кандай жолдор менен бошотуп жиберишти. Мына ушундан кийин кимге, кайсы ишке ишенебиз? Мезгил көрсөтөт, кимдин ким экенин. 5 жыл түрмөдө олтурган Кулов деле акыры эркиндикке чыккан. Текебаевдин ишин сөзсүз сотко жеткирүү керек. Ал деле бир күнү эркиндикке жетет. Анан кайрадан өч алуу маселеси да башталат… Бизге ушунун баарынын кереги бар беле? Кокодон тойдук го, саясатыңа да, митингдерге да. Албетте, эч кандай кереги жок болчу. Азыр митингди эмес, саясатты эмес, стабилдүүлүктү, экономиканы терең ойлоп, тынымсыз иштей турган учур да.

Президенттик шайлоо ноябрдын 19на белгиленди. Бул тууралуу эмне айтасыз?

-Эң эле биринчиден айтарым тынччылык менен таза өтүп кетсе болду. Элибиз ал күнү эң татыктуу талапкерди тандап алса экен деп Кудайдан тилеп жатам. Менин эл башчысы, аны тандоо, элибиздин ага болгон көз карашы тууралу айта турган өзүнчө кебим бар. Ал мындай: кыргыз эли эзелтен эркин эл болгон. Уруу-уруу болуп жашашкан. Өзүлөрүнүн кокту-колот, сай-сайлары, мал –жандыктары болгон. Саяктар өзүнчө, сарбагыштар өзүнчө, моңолдор, солто, бугулар өзүнчө дегендей. Бул чоң уурулардын ичинде да майда урууларга бөлүнүп кетет эмеспи. Ошондой болсо да, аларда туугандык деген сезим өтө күчтүү болгонун билебиз. Баары тең тоо-ташта ат менен эркин жүрүп, эч кимге баш ийишкен эмес. Хан көрүшкөн эмес. Аларга бирөө үстөмдүк кылып: “аны жаса, муну жаса” деген ашкере башкарууну эч качан жактырышкан эмес. Мына ушул нерсе  азыр да өз күчүндө каныбызда сакталып турат. Буга эки жолу чектен чыккан эл жетекчилери Акаев менен Бакиевди кубалап чыкканыбыз эң сонун мисал болуп бере алат. Орустар деле 1990-жылдардын башында бийликти алабыз деп Ак үйүн танка менен аткылашып, ала алышпай койгон. Казактар болсо, 1980-жылдардын аягында “Жел токсонду” уюштурушту. Кийин, чукулда эле, Назарбаевди кетиребиз деп, чамынып, анча-мынча митинг кылышыт, бирок эч кандай максатына жете алышкан жок. Өзбекстан деле бийликке каршы чыгып, Анжианда көтөрүлүш болду. Бирок бийлик аларды басып койду. Тажикстанда жылдап граждандык согуш жүрдү. Кыргыз эли болсо 10 жылдын ичинде каалаганын жасады. Биринчи болуп кыргыз эли парламенттик башкарууга кадам жасады. Бул кадамыбызды биздин кошуналарыбыз сүйгөн жок. Ошол эле, Кытай, ошол эле Казактсан, ошол эле Өзбектстан, Тажикстан, Орусия. Буга бир мисал өзүнчө. Биздин Президентибиз 2010-жылы аял болгондо да  катуу таң калышкан. Кантип эле кыргыздар аял кишиге баш ийет дешип. Себеби, Азияда аялга баш ийбей, аял элди башкарбай келишкен да. Дагы эле болсо, бул жагынан биз биринчи болдук. Башка өлкөлөрдө бийлик атадан, балага калып жатат. Алыс барбайлы, Тажикстандын ажосу балдарын бийликке алып келип жатат, жакында эле 30дагы баласын борбор шаардын мэри кылып салды. Азербайжандын президенти бийликти атасынан алса, эми өзү бийликте туруп, аялын биринчи вице-премьер кылып алды. Түркмөнстанда деле ушундай. Бизде деле ушундай болгон. Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөсү бир аз эле бийликке кийлигишти эле, акыры элден куулуп калышты. Кыскасы, демократия деген биздин өлкөдө тамырын терең жайды. Мына ушул маселени алдыдагы шайлоодо да дагы дүйнө элине татыктуу көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм.

Черчилль: “Демократия – бул коомду башкарууда эң эле жакшы форма деп айтууга болбойт, бирок адамзат мындан жакшы форманы дагы эле ойлоп таба элек”-деп айткан. Ошон үчүн баарыбыз демократияга умтулуп жатпайбызбы.

-Парламенттик башкаруу дегенибиз менен, 120 депутат, мамлекетибиз үчүн эң эле көп болуп жатпайбы. Эл анча депутатты каалашкан жок.  Бул боюнча да омоктуу ойлоруңуз болсо керек…

-Туура айтасың. Биз обу жок эле Баш мыйзамды өзгөртө берсек, анда мамлекетте хаус жаралат. Чет мамлекеттен инвестор келбей, эч кандай мамиле болбой,  өзүнчө бөлүнүп калган мамлекеттей болуп калабыз да. Бирок ошол эле учурда  Баш мыйзамды таптакыр өзгөртпөш керек деген да туура эмес.Анткени, эл колдоп турса, заман талабына жараша өзгөртүп туруу керек. Мына, жакында эле Баш мыйзамыбыз өзгөрдү. Бирок эл күткөн нерсе кошулбай калбадыбы. Парламенттеги 120 депутатты азайтып, 70 кылып койсо, ошол эле бизге жетмек. Бюджеттен да миллиондогон сомдор үнөмдөлмөк. Мен канча жыл депутат болдум. 120 эң эле көптүк кылат. Элди кой, ошол 120 депутат биз бири-бирибизди жакшы таанучу эмеспиз. Кээ бирөө келсе келет, келбесе жок. Мисалы, аз күн мурун. Текебаевдин кайрылуусун окутпай койгон күнү болгону 44 депутат келиптир. Анын 11 каршы болсо, 30у макул болуптур. Качан көрбө, ашып кетсе 40-50дөй эле депутат келет. Негизи эле, азыр Жогорку Кеңеште Баш мыйзамды одоно бузуулар көп эле орун алып жатат. Бир эле мисал , партия чечет деп эле, каалаган кишисин депутат кылышып, каалаганын кетирип жатышат. Эми депутаттардын ишмердүүлүгүнө мен катуу сын айтпай эле коёюн. Себеби, мен айтсам, катуу айтам, анан: “мышык майга жетпей жатып, сасык дейт”-деген сөздү мага карата айтышы мүмкүн да. Анысыз деле депутаттардын деңгээлине бааны эл эң сонун берип жатышат, аны угуп эле жатпайбызбы. Чындап эле депутаттарды бардык мезгилде эч ким сүйгөн эмес. Кийин бир топ жылдар өткөн соң, ошол чакырылыш мыкты болгон жатпайбы. Маселен, легендарлуу парламентти мыкты дейбиз. Аны деле убагында жаман көрүшкөн. Бирок азыркыга салыштырмалуу ал чакырылышка эл кадырлаган мыкты инсандар шайланышкан да.

Жогоруда экономика маселеси боюнча учкай айтып өттүңүз. Ушул маселени тереңдетип сүйлөшсөк…

-Экономика маселеси боюнча  мен дагы бир көз карашымды айтайын. Ушу  тапта эң белгилүү экономист бар Карнай деген. Ал: “ Экономиканын өсүшүн өлкөдөгү жакшы жагдайга, же жакшы кырдаалга, байланыштырып, күтпөш керек. Экономикадагы жылыштарды кыйынчылыктар менен бирге алып кетүү керек ”- деген мааниде айткан. Эгерде биз экономика ошондо гана  өсөт деп, жакшы жагдайды күтө берсек, анда экономика кылымдар бою өспөй тура берет.  Мына жакында эле белгилүү болду. Кыргызстан дүйнөдөгү эң кедей 50 өлкөнүн катарына кирерибиз.  Бул маселе оңой эмес, абдан эле кыйын. Биздин мамлекет кедей болуп жатат, бирок ичинде жашаган эл жаман жашоодо эмес. Керек болсо, биздин ичип жаткан тамагыбыз, ичип жаткан суубуз 100 эсе таза. Ооба, өлкөбүз экономкалык, социалык жактан абдан эле начар. Ооруканаларды, жолдорубузду, мектептерибизди, бала-бакчаларыбызды айталы. Авиапарктын жоктугун ж.б. толгон-токой нерселерди айтсак болот. Мынчалык кедей болуп жатканын мен – коррупциядан көрөм. Адам төрөлгөндөн баштап, өлгөнгө чейин коррупция болуп жатпайбы.  Коррупция-  төрөтканада, анан бала –бакчада, анан орто мектепте, анан ЖОЖдо, анан кызматка орношууда,  жер алам десең ал жерде, ишкерлик кылам десең да, ал жерде, ооруканада, анан өлүп калсаң, Кудайдын белен, бекер эки чарчы жерин да асмандагы баа менен сатып жатышпайбы. Бажы, салык, ж.б. тармактагы коррупцияны айтпай эле коёлу. Биринчи ушундай элементардуу нерселерди иретке салбайлыбы. Мына ушуну менен аёсуз күрөшүү керек. Ал үчүн кичине мамлекетте – катуу тартип эле керек. Талапка ылайык тартип болсо, экономикада өсүш, мамлекетте өнүгүү болот.

-Бизде мурун тартиптин, жазанын эң жеткен чеги – өлүм жазасы болчу да. 2009-жылы ага мораторий киргизилип калды. Сиз бул нерсени калыбына келтирүүнү колдойсузбу?

-Албетте, колдойм. Өлүм – жазасы керек болчу. Биздеги өлүм жазаны алып салуу маселесине Америка кийлигишкен. Америка кыйнап жатып алдырган да. Ошол эле учурда өздөрүндө эмгиче өлүм жазасы бар. Эмен үчүн? Мисалы, мен өлүм жазаны биринчи кезекте наристе балдарды зордуктап жаткандарга берет элем. Андан кийин кылмыш далилденсе коррупционерлерге бермекмин. Бирок эң кызыгы, коррупция боюнча кылмыш беренеси Кыргызстан да гана бар. Башка өлкөлөрдө жок. Жөнөкөй эле мисал. Жакында мага айтышты. Нарында бирөөнүн баласынын буту сынып, ооркунага алып барышса, доктурлар “балаңарды буту туура эмес бүтүп калат, ал эле, бул эле” – деп ар кайсыны айтып жатышып, 20 миң сом алышыптыр. Айла жок бердик дейт, балабыздын ден-соолугу үчүн. Мындай мисалдар толтура. Кытайда өлүм жазасы бар. Абдан өнүгүп жатат. Коррупционерлерди бир нече мууну менен атып да, асып да салды. Ага карабастан деле уурдап жатышат. Мисалы, бизде Тоңдо аскер комиссариаты бир жигитти аскерден алып калуу боюнча коррупциялык ишке барат. Дагы мисал, Балыкчыда прокурор баарынан коркутуп-үркүтүп акча алат дейли. Түптө бир акимдин орун басары айыл өкмөттөрдү куратат дейли.  Айыл өкмөттөр болсо жерлер боюнча туура эмес иш жасап алар коррупция кылышат. Дагы мисал, Бишкектеги архитектураны айталы. Анын ичинде 7 башка-башка бөлүм бар экен. алардын ар бири менен аке-жакелеп сүйлөшпөсөң  сенин ишиң жүрбөйт. Ушундай мисалдардын баарын эл билет. Эл билген соң, элден мурун укук коргоо органдары да эң сонун билишет да. Бирок алар коррупционерлерге жеткиликтүү чара көрбөй жатпайбы, башкаларга сабак болгудай. Өлүм жазасын –мыйзам менен алып салышкан, кайра эле мыйзам менен киргизип койсо болот. Башка өлкөлөргө жакпай калабыз деп баш оорутпашыбыз керек.

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here