Дача-Суудагы каргашадан кийин элибиз бир муштумдай түйүлүп, жабыркагандарды жалгыз калтырбады. Хабиб Арзыкулов башында турган «Элим барсыңбы?» фонду опол тоодой жумуш аткарды десек болот, дүйнөнүн чар тарабындагы кыргызстандыктардан чогулган каражаттын жарты тыйынын коротпой ээлерине жеткиргенин кабарлап коёлу. Ар бир көзү өткөн кишинин жакынына 57 миң 142 сомдон туура келиптир, жалпысы 2 миллион сом чогулган. Кайрымдуу кишилердин баарына рахмат айтабыз. Кырсыктан жабыркагандарга куран окутуп, компенсация маселеси, турак-жайы сөзсүз биздин көзөмөлдө болоорун айттык. Тактап коеюун, бул «Элим барсыңбы?» фондуна чогулган каражат, а өкмөт жана түрк тарап жабыркагандардын баарына сөзсүз турак үй куруп берет. Кудай, элибизди бөөдө кырсыктан сактасын!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here