БШКнын төрагасы болуп турганда далай ишти быкшыткан, абактан буйтап, бийликке арты-алды менен ыктап, айтор эл оозунда, тар чөйрөдө айтылып келген, журналисттер жазып келген мыйзамсыз иштеринин баары мыкты деп аталып,  жакында эле жакшы санаалашы ажо Атамбаевден мамлекеттик “Манас” сыйлыгын алган Туйгунаалы Абдуримовдун Президенттикке ат салышарын “Азия-ньюс” гезити жазып чыкты. Баса, ал сыйлык алганда коомчулук таң калуу менен кабыл алган. Анын сыйлык алышы ажонун оң колу Сапар Исаковдун түндүктөн түрүлө түшүп “Манас” орденин басып жыгылганы менен барабар эле болуп калган.  Көпчүлүккө маалым болуп деле калды. Дал ушул Тукең, Атамбаевге уламышка айланган “улуу саясатчы”, мурунку шопур Икармжан Илимяновду ишенимдүү айдоочу катары таап берген. Көрсө, анча-мынча көсөмдүк жайы бар Тукең Икрамжандын Алмазбек мырзанын ишеничин кирип алса, экинин бири  болуп алыска барарын ошондо эле билген окшобойбу.

Т. А: — Эки дүйнөдө ыраазымын, колуңузду бериңизчи…
А,А: — Туй ата, Туйгуналы, «Манасты» бердим го, эми колумду да сурайсыңбы?!

Чын –бышыгын ким билсин, гезитте Чүйдүн чүйгүндөрү бүт эле аны алдыга салып сүрөп, эмитен этегине намаз окуп жатышкандай мааниде жазылыптыр. Айтор, кайсынсына ишенериңди билбейсиң. Керек болсо, Кытайга чейин сабалап жатканы  эле кызык экен эй.  Себеби, Чүйлүктөрдүн “чүйгүндөрү” Туй мырзаны пир тутуп калса, анда иш чатак эле экен десек болчудай.

Негизи, Туйгуналы мырза иштин көзүн билет, билимдүүсү билимдүү эле, а бирок жеке кызыкчылыктарды жерде калтырбайт, пайданын азын калтырар, бирок көбүн эгерим элде калтырбайт.  60 жаштын астанасын аттап калган Абдуримов 1995-жылдан бери саясатта өз өнөрүн көрсөтүп, болгон ресурстарын берип деле бүттү. Акаевдин да, Бакиевдин да, эми Атамбаевдин тушунда да “тулпар тушунда туйлайт” болуп,  депутат болду, (2002-2006 — жылдары) БШКнын мүчөсү, төрагасы, анан министрдин орун басары, министр, Кореяда элчи болду. Атамбаев бийликке келгени кайра анын ээнчисине БШКны берди. ал бул жерден өзүнө жаккан ар кандай ыкмалар менен иштеди го, чиркин. Эгер анын баары элге жарыяланып кетсе го, аброюна болуп көрбөгөндөй сокку урулары, башына кара булут айланары турулуу иш деңизчи. Чоң муштумдук жагы бир топ. Ал тууралуу өзүнчө бир эмес, алты аңгеме жазсаң болот. Эми эмне Президент боло элеги эле калдыбы? Мейли, салышса салышып, алышса алышып көрсүн. Багынан көрөр. Эң башкысы шайлоого катышып калса, максатына, маарага жетпесе да, эл арасындагы авторитети канчалык экенин билип алат. Баса, бул киши ушунча жылдан бери жакшы эле байлыкты басканын көптөр айтып келишет. Балким, ошол байлыгын чачып, бир чакчарылып алгысы келип жаткандыр…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here