Американын алдына эчкимди салбай келаткан, идеяга бай, авангард режиссёру, атагы дүйнөнү дүңгүрөткөн Джеймс Кэмерондун 2009-жылы жарыкка чыккан “Аватар” аттуу фантастикалык киносу укмуш ийгиликке жетип, дүйнөдөгү эң көп акча чогулткан кинолордун тизмесинде алдыңкы орундарды ээлеген болчу. Жалпысынан 2 млрд. доллардан ашуун каражат топтогон. “Оскар” сыйлыгынын 9 номинациясына ат салышып, анын үчөөсүн алган болчу.

Бул кино чыкканда Голивуддун бир топ белгилүү актёрлору ыйлап, нааразычылыктарын да билдиришкен.  Себеби, режиссёр бул киного актёрлорду аз эле катыштырып, негизинен компьютердин жардамы менен тарктан. Кемерон аз күн мурун, журналисттерге “Аватар-2” тартылып жатканын, буйруса, 2018-жылы экранга чыгарын жар салды. Ал ошондой эле “Аватарды” көп сериялуу ишкана деген маанидеги оюн кошумчалады. Демек, бул кино экинчи бөлүк менен эле токтолбойт десек болчудай. Кэмерон буга чейин “Аватардын”  4  бөлүгү тартыларын да жар салган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here