Окурмандардын ээсине: “Чагылган” сайты 21-февралдан тартып Кыргызстандагы сайттардын катарынан орун алып, сапар тарткандан баштап, айрым маалымат каражат булактарына окшоп, орто жолдо өзүнчө быкшыбай,  бийликке да, оппозицияга да жан тартпай, негизги чындыкты чындыктай чагылдырып келатат. Элдин үнүн, элдин талабын чагылдырып жатат десек аша чаппасбыз. Бул макаланы жазууга “Чагылганга” 22-февралда жарыяланган  “Бабановдун Кубат Болотканову агитаторлорго эмитен акча таратып...” деген аталыштагы  эч жерге жарыяланбаган, эл билбеген “ысык” маалыматы себеп болуп турат. Саясат кайнап турган, ушундай чалкеш заманда, чиновниктер элдин байлыгын карактап, шайлоо сайын асмандагы айды алып берем дешип, анча-мынча акчага алдап турган чакта, андай маалыматка эч ким кайдыгер карабайт эмеспи. Айтор, ачылганына бир күн гана болгон сайтка чыккан маалымат башка сайттарга, гезиттерге чагылгандай тарап, анан элге тарап, аны окугандар Болоткановду бир ирет боктоп, жерге түкүрүнүп алышкан эле. Маселен, “Ачык саясат” гезити Болотканов тууралуу ал маалыматты (аягына КТРКдагы Кубат мырзанын куулук-шумдугу тууралуу бир аз кошумчалоо менен), 27-февралда чыккан санына басты эле, андан алып, өздөрү эч нерсе жазбаган, болгону гезиттердин, башка сайттардын мыкты макала-маектерин уруксаты жок эле, айрым кезде туура эмес которушуп, элге жайылтып жан багып келаткан “Гезиттер орг.”  сайты баса калып, орусчага оодарышты. Кийин бул жаңылыкты “Багыт” баштаган бир катар гезиттер, сайттар да кайталап басышкан. Ал эми социалдык тармактарда да кызуу талкуу болгон. Мына ушул кыска маалыматтын аягына автор деле коюлган эмес. Аны “Чагылган” менен кызматташып жүргөндөр, Болотконовдун мындай болбогон, көңүлгө толбогон иштерин жакындан билгендер жазышкан десек болот. Чоң макала болсо, албетте автор коюлат. Майда маалыматтарга коюлбай, алар басылманын, же сайттын атынан кете берет.

Негизи,  “Чагылганды” каржылык жактан сүрөгөн демөөрчүсү (белгилүү болгондой сайт-гезиттердин, ТВлардын демөөрчүлөрүнүн басымдуу бөлүгү саясатчылар) жок болсо эле, көптөр ойлошот окшойт, ага жарыяланып жаткан макалалардын баарын Айбек Шамшыкеев гана жазып жатат деп. Антип, ойлогондор жаңылышат. Бул сайт менен кызматташып, өздөрүнүн жакшы макалаларын жазып берип жатышкан белгилүү, белдүү жана жаш кесиптештерим бар. Сайттагы кызыктуу макалаларды окуп жаткандар бул жагынан кабардар болуп жатышса керек…

Кыскасы, өзү тууралуу ал маалыматка Болотканов катуу кызаңдап,  чын чычалайт болуп катуу чычалаптыр да, түз эле ал маалыматтын автору мени кылып, менин телефондорумду сураштырып, сурданып жүрүптүр. Анысын кайдан билейин, өткөн жуманын 6-күнү КырДрамда жаш акындардын алп акын Ашыралы Айталиевдин  90 жылдыгына арналган айтышына барып калып, мен ага өзүм бетме-бет жолугуп калдым. Кире бериш эшиктин оозунда досу менен туруп калыптыр, адам экен деп кол сунуп учурашсам, ал дароо мени көрүп өңү бузулуп, оозунан ак ит менен кара итин агытып баштаса болобу?

Шамшыке сенин атаңды өлтүрдү беле?!

Айтышка келип, руханий байлык топтоп кетейин деп көңүлдүү келаткан жаным, мен анын андай мамилесине түшүнбөй да калдым. Көрсө, ал эргулуң жогоруда айтылган алгач “Чагылганга”, анан бир топ маалымат каражаттары аркылуу жалпы коомчулукка тарап кеткен өзү тууралуу жаңылыкты “Сен эле жаздың, сеники өттү, Шүмшүкеев” –дейт. Менин анын мындай орой мамилесинен мурун, чоң атамдын ысымын кайдагы бир атка алмаштырып, 41 жыл мурун өлгөн ал кишинин арбагына каратып туруп, акарат келтирип жатканына жиним кайнады. Алгач сабыр кылып: “Мен жазганымды көрүп турдуңбу, же аягында автору турабы, далилиң барбы”-десем, оозуна алы келбей андан ары эркектерге гана ээнчилүү, эң жаман сөздөр менен ашатып баштады. Мен да анын мындай зөөкүрдүк мамилесине чыдай алган жокмун, анын үстүнө чоң атамдын арбагына шек келтирип жатса, жөн турмак белем, ал кандай ашатса, мен да ашаттым. “Сен дебе, пацан, мен 40тан аштым” –дейт. Экөөбүздүн жаш айырмабыз анчалык деле чоң эмес. “Пацанды” тапкан экен ал, Бабановдун “шестёркасы”. “Пацан” болсо, ал  өзү Бабановго “пацандыр”. А, мен эч кимге “пацан” эмесмин. “Пацандык” курактан өткөнбүз эчак.

Кубат мырза (эгер мырза дегенге татыктуу болсоң) маа десең 40 эмес, 80ден аш, сенин чоң атамдын арбагына шек келтиргенге, менин досторума ошентип айтканга андай акың жок?! Же, менин чоң атам Шамшыке атаң Болотканды өлтүрдү беле? Же мен анын атасын шек келтирип жатамбы? Шамшыке эл катары Улуу Ата мекендик согушка катышып, кийин колхоздун жумушунда ак жана так иштеп,  8 уулу-кызды өстүрүп-тарбиялап жатканда, капилеттен акка моюн сунган. Ал болгону бул жашоодо бала-бакырасынын жыргачылыгын, урмат-сыйын көрбөй 53 гана жыл гана жашап кеткен Жараткандын жазыксыз пендеси! Андыктан, чоң атамдын арбагына эч кимдин шек келтирүүгө, анын атын эч ким ар кандай кылып бурмалоого эч кандай акысы жок!

Ошентип, экөөбүз бир нече мүнөт сөгүштүк,  улуумун, кыйынмын дегенсип, мени алка-жакадан алды, мен да жооп кылдым. Экөөбүздү ажыратып, ортого түшкөндөр болду. Мен айттым: “Сага салыштырмалуу 100 эсе тазамын, сендей булганган эмесмин, сенин элге чыга элек былыгың дагы толтура”-деп. Бул сөзүмө жооп берем. Мен башкалардай алдым-жуттумдугум жок. Карманганым калыстык, корупционерлерди, эл душмандарын далилдер менен катыра сындап келем. Мындай позициямдан тайбайм! Ошол жерде, эл болбогондо экөөбүз тең бозала болуп, жерге оонап, муштум кезешет беле, ким билет! Ага жеткен жокпуз, мындан кийин деле жетпей эле коёлу. Бирок Болотканов мындай зөөкүрлүгүн дагы карматса, өзүнө эле жакшы болбой калат…

Редакцияларды түтүнмө-түн кыдырып, акча таратып жүрчү…

 Аны зөөкүр дегенимдин себеби ушул. Адам болсо, адамча салам берип жатканда, адамча алик алып, иштин чоо-жайын акырын түшүндүрсө болот эле го, ашата сөкпөй, арбакка асылбай, алка-жакадан албай. Же ошончо 20 күндөн бери “Чагылган” жазган өзү тууралуу маалымат жалган болсо демократия жолу менен сотко бербейби? Өзүнүн актыгын, андай ишке барбаганын, агитаторлорго акча таратпаганын сотто далилдеп албайбы? Деги эле кайсы келесоо ишенет, ушул бөрү заманда, шайлоого аттанган, депутат болчу, Президент болчу талапкерге бирөө-жарым акчасы жок агитатор болуп иштеп береби? Бул деген кызылдай жомок да.

Дегеним, Болтканов деле шайлоодо, шайлоого чейин килейген “Учкундун” гендиректору болуп турган чагында, (ага чейин да) башка киши таппай калгансып, же жураналисттерге кадырын салып, аз төлөөнүн амалын кылыппы, айтор өзү жалгыз орус-кыргыз гезиттердин, сайттардын, ТВлардын редакцияларын түтүнмө-түтүн  кыдырып, Бабановдун жаманын жашырган, жакшылыгын ашырган макалаларды жазып келип, аны жарыялоо үчүн акча таратып жүрчү. Албетте, шайлоо учурунда мындай көрүнүштү кыйын чыкма, акчалуу партиялардын баары эле жасашат. Бирок, Болотканов ашыкча кетип  мындай көрүнүштүн негизги эмблемасына айланды го чиркин. Мен да күбөмүн, анын мындай  өзгөчө “өнөрүнө”.  Муну журналисттердин басымдуусу, ал тургай саясатчылар да эң жакшы билет. Бир учурда дал ушул редакцияларга түтүнмө-түтүн акча таратып жүргөнүн чоң саясатчы Өмүрбек Текебаев да айтып, катуу сындап чыккан. Мына сага, далил. Анан шайлоого аттанган кишинин 40 агитаторго акча таратканы “ерунда” болуп калат да, туурабы?

Сынды көтөрө албайт, териси жука…

 Негизи эле, мен Кыргысзтандагы көп саясатчыларды ишине жараша катуу сындап жазып келатам. Аны көпчүлүк окурман жакшы эле билип калды. Буга чейин Болоткановдун болбогон иштерин эки-үч ирет жазгам. Маселен,  “Кош, Ала-Тоо, Эркин –Тоо кетти, жемкорлорго” деген көлөмдүү макалам алгач, “Фабулага”, кийин бир аз толукталып “Багытка”, сайттарга чыккан. Анда Каныбек Иманалиев менен Кара-Балта мэри Данияр Шабдановдун “Эркин-Тоо” басмаканасын кантип мыйзамыз жолдор менен басып алганын баяндагам. Ал ишке Иманалиевдин жакын санаалашы Болоткановдун да салым кошулганы учкай жазылган. Бирок толук берилген эмес.

Кайсы жылы экени эсте жок, айтор 2010-жылдан кийин “Фабулага” ал тууралуу куш тилиндей сын маалымат чыкса, аны да менден көрүп, телефон чалып, экөөбүз анда да катуу сөгүшкөнбүз. Ал: “көргүлүктү көрсөтөм” –деп айкыргандан, мен “көтөрүп турган асманың болсо, таштап” жибер деген мааниде жооп узаткам.

Чынында андай сын макалаларды Болоткановго мен эле жазган жерим жок, көп эле журналисттер, көп эле басылма-сайттар жарыялап келет. Ишенбесеңиз, интернеттен издеңиз. Ал тууралуу чыккан маалыматтардын көбү жагымсыз, негатив. Акча таратканы, кызматка жулунганы, кызматтан кулаганы, Бабановду сатып кетип, “Ата Мекенге” өтүп кеткени, кайра ортого киши салып, жалдырап, ит болдум деп Бабановго барганы, ичкени, жегени, айтор толтура. Болотканов өзү ойлогондой таза, эң кыйын, укмуш адам  болсо, анда ал тууралуу ушунча негатив макалалар жазылат беле? “Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, анын баары бекер жерден жазылгын жок. Бул жагын өзү деле ойлонсо болмок, кичине болсо да…  Алардын айрымдарын “Чагылганга” далил катары да чагылдырып коюну чечтик. Баса, мага: “көргүлүктү көрсөтүп коём” деп жулунган, жалгыз Болотканов эмес, андан башка дагы, ал тургай өлтүрүп коём деген саясатчы, атка минерлер да болгон.  Аларды жар сала берчү эмес элем, бул жолу чет-чеберин козгогум келип турат.  Андай окуялардын айрымдары төмөндө кыскача жазайын…

Бакиев бийлиги да коркутуп, үркүтүп, прокуратурга сүйрөгөн…

Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигин, сасык саясатын активдүү сындадым, канжыгага башты байлап. Ал үчүн убагында телефондорубуз тыңшалды. Редакциябызды аңдып, күн-түнү УКМКнын кызматкерлери ар кандай машинелери менен турушчу. Айрым учурларда  ар кандай кысым болду, Бакиевдин тезек саясатын сындап аналитикалык макалаларды жазганым үчүн Биринчи май райондук прокуратурасына чакырылып, сурак берип жүрдүм. Эскертүүлөрдү алдым. “Жазбай жүр, абайлап жүр” дешип коркутканга аракет кылышты.

2010-жылкы революциянын  болушуна, эски бийликтин эл тарабынан куулушуна аз болсо да салым коштум десем болот. 7-апрель революциясы “Форум” имаратынын алдынан башталган. Биздин  ал кездеги бийликке чагылгандын огундай эле тийип, нускасы 20 миңге чейин чыкчу (эң башы, “Алиби”, анан аны Бакиевдер жаптырган соң, “Ачык саясат”, андан кийин,  “Эл сөзү” гезиттери, кийин “Форум”, азыр алардын мураскери “Фабула”) “Форум” гезитинин редакциясы дал ошол имаратта жайгашкан болчу. Революциянын башталышынан тартып, Ак үй алдындагы атышууларды мен өзүмдүн кичинекей камерама элди аралап 5-6 саатка чейин тарткам. Ал тасмада азыр, балким  эч бир ТВда жок, эч бир журналситтерде жок  (өзгөчө революциянын башталышы тууралуу) кадрлар да камтылган. “Алфанын” куралдуу күжүрмөн кызматкерлери келгенде, эл алардын машинелерин көңтөрө салып, өздөрүн сабап, автомат баштаган ар кандай куралдарды талап жатканда, мен өзүмдүн кызматтык күбөлүгүмдү көрсөтүп (анда мен иштеген “Форум” гезитинин авторитети укмуш эле, азыркы бийликте, айрым оппозицияда жүрүшкөн саясатчылардын көбү биздин редакцияны “тытып” турушчу, эл да ал гезитти катуу сыйлачу), колдоруна бирден-экиден курал алып, баш алман кетип жатышкан адамдарды сөзгө келтирип, курал чогулттум. Балким, ошондо менин бул демилгемди, гезиттин кадырын сыйлаган үчүн угушкандыр. Менин ал демилгеме, азыр Бишкек ШИИББде өспүрмүдөр боюнча иш алып барган  (ал кезде майор) Жакып байке да кошулуп, экөөлөп, 10дон ашуун колуна ар кандай курал кармашкан адамдарды Алма-Ата көчөсүндөгү көпүрөнүн жанынан “Форум” имаратына чейин ээрчитип келгенбиз. Бирок, тилекке каршы анын баары биздин сөздү укпай, айрымдары “Төкөлдөшкө” кирип кетишсе, 7-8 адам биз менен келишти.

Биз чогулткан куралдар

“Форумдун” жанында алардын колундагы 5-6 автоматты бир нече ок салгычы менен, эки “Муха”,  огу толук пулёмот баштаган курал-жарактарды акт түзүп, бир колго чогултканбыз. Ал жерге туш-туштан эл келип, жаңылбасам, азыркы депутат Карамушкина, дагы бир учурдагы депутат Асел Кодуранованын күйөөсү, кийин “Кара дуба” атка конгон, анча-мынчаны алдына-ала айта койгон жайы бар Мелис Карыбеков басып келишкен. Ал учурда мен камерага тартып калгам, тасма толугу менен өздүк архивде сакталып турат. Айрымдарын КТРК менен НТСке бергем. Мен учурдагы депутат, ал кезде Атамбаевдин жардамчысы болуп жүргөн Данияр Аттокуровго телефон чалып, “Куралдарды “Форумдун” ичине алып кирип, ката туралы”-десем, ал: “Айбек, ким билет эртең кандай болуп кетет, провокация болуп кетип, бийлик элди басып койсо, кийин курал “Форумдан” табылып калса, Атамбаев баштап баарыбызга сокку болот” –деп жүйөлүү кепти айткан. Мен ага макул болуп, куралды башка жакка катып, 10-апрелдерде ИИМге өткөрүп бергенбиз.  Ошол кандуу революцияда таң аткандан түн ортосуна чейин,  алгач Форум, анан аянтта, Ак үй, УКМК алдында элге ок атышкан наадандар менен алышып кан кечип жүрдүк. Жанымдагы бир топ жаштарга ок жаңылып, көз алдымда кулап жатышты, бейиши болгурлар. Мени бир Кудайым чоң сактады окшойт, аман калдым. Бул үчүн Жаратканга миң мертебе ыраазычылык айтсам да аздык кылаар…

А, бирок 29 жаштагы Акматов Эдил деген жээнимдин көкүрөгүнө ок жаңылып, артында туяк калбай, жаштайынан кете берди. Дагы бир жээним бутунан жарадар болду. Азыр, революцияга эч кандай тиешеси жоктор, анын четин да көрбөгөндөр революционермин деп төш кагышса, жөн эле күйүп кетесиң. Эл ошондогу революцияны мамлекет артка кетсин, кайрадан Бакиевдин куруктары бийликке келсин, Кыргызстан 50 жакыр мамлекеттин катарынан орун алсын, Бакиев ээлеп алган мамлекеттик мүлктөрдү кайра башка чиновниктер бөлүшүп алсын, алдым-жуттумдар мамлекеттин байлыктарын тоноп жешсин,  дагы бир мисал көзгө басар бир гана мамлекеттик делген “Учкундун” байлыктары уурдалсын деп жасады беле?! Ошол  кандуу окуядан каза тапкан 120дай жигиттин арбактары ушул бийликке ыраазыбы?! Алар көкүрөктөрүн: мамлекет, эл дагы кыйналсын, кысталсын, азап тартсын, карызга батсын, коррупция күчөсүн деп окко тосушту беле?! Жок жана жоок! Азыр эмен болуп жатат, баары тескери, жакшы иштер, жылыштар аз…

Керсейген Келдибеков да сүрөт үчүн сүрүн көрсөтүп…

2010-жылдан кийин тагдырдын тамашасы менен  жаңы бийлик камап салат деп кара башын ала качып жүргөн Келдибеков өлкөдөгү абалды байкап, ар кандай ыкма менен депутат болуп келди. Анан спикер болду. Спикер кезинде такыр эле жалгыз баспай өтө шаан –шөөкөт менен жүрчү эле, жанына жардамчыларын, күзөтчүлөрүн шатырата ээрчитип. Бир жолу парламенттик жыйынга мыкты фотоапаратты көтөрүп, чагылдырганы барып калдым. 15 мүнөттүк танапис болуп жаткан экен, ал кезде депутаттар 3-кабаттагы фойеге кадимкидей жайылып кетип, ошол жерде чай ичишчү. Көзүмө “Бригада” атка конушкан  “Ата-Журтчулар” Акматбек Келдибеков, Садыр Жапаров, Марат Султанов, Камчыбек Ташиевдер столдо чалкалай олтурушуп, чайпалтып көк чайдан ичишип, кызуу кепке кирип, фойени жаңырта каткырып олтурушканы урунду.

Андай сейрек учурда кадрга илип калуу саясатты жазган журналисттердин баары үчүн өтө керек нерсе. Ошону эске алып, фотоаппартты “мээлеп” туруп, үч ирет басып калдым. Анымды байкап калышкан “Бригаданын” үчөөсү унчуккан деле жок, бирок алардын атаманындай сезилген Келдибеков керсейген үн менен: “Эй жигит бери бас, өчүр алдагы сүрөттөрүңдү”-деп  бакырып калды. Укпадым. Өчүрмөк кайда да, анын чакырыгын кабыл алмак кайда. Унчукпай, укмаксанга салып басып кеттим. Көп узай электе артыман Келдибековдун сомодой болгон 3 жан сакчысы келип, экөө эки жагымдан кабыштыра кармап, бирөөсү колумдагы фотоаппаратты тартып алууга аракет кылды. Мен бербей тырыштым. Келдибеков “өчүрүп салгыла сүрөттөрүн”-деп  ордунан козголбой кыйкырып жатты. Үчөөнүн бирөөсү фотоаппаратты такыр эле талкалап салганга аракет кылганы менен, экөөсү каршы чыкты. Күчкө салып, тартылган кадрларды өчүрүп жаны тынышты. Ызаланып калдым, спикерге да, анын жан сакчыларына да тил тийгиздим. Спикер: “Эй жигит бери басчы, эмне деп эле атасың”-деп үнүн өктөм чыгарып мени кайра өзүнө чакырды. Мен анын чакырыгын четке кагып, кетип калдым. Ошол, ошону менен ал окуя тамам болду. Редакцияга келип, иштин чоо-жайын айтсам, Рыскелди Момбеков жаз деди. Жаздым. Ага: “Келдибековду тартып алсаң, тартып алат” деген ат коюп, гезитке басып жибердик… Ал жаңылык да бир топ сөз болду эле…

“Көзүңдү тазалатып коём” –деген “Маданияттын мафиясы” Курмангазы Исанаев, соттон качкан Раев…

2013-жылдан 2015-жылга чейин кыргыз маданиятындагы коррупцияны тыкыр иликтеп, “МАДАНИЯТТЫН МАФИЯЛАРЫ” деген ат менен сандан-санга көлөмдү макаланы  жазып, “Фабула” гезитине жарыялап турдум. Албетте, үч жыл катары менен эмес, ортодон үзүп-үзүп, 2-3 айга чейин тынбай басылып турду. Мен ал макалада: улуттук филарманиянын ремонтуна бөлүнгөн 56 млн. сомдун тагдыры, андагы башкы директор Керим Тураповдун,  Опера жана балет театрына  бөлүнгөн 25 млн. сомдун тагдыры, анын ошол кездеги жана азыркы директору, анык жегич Болт Осмоновду, 22 млн. сомдой бөлүнгөн КырДрамдагы коррупцияны, анын директору Кыргызбай Осмоновду, ошондой эле 50 млн. сомдон ашуун акча бөлүнгөн Кыргыз цирктин директору Курмангазы Исанаевдин, Ырыскул Боронбаевдин коррупциясын, ошолордун үстүндө акча бөлүштүрүп, далай ишти былгыткан, бир эмес үч ирет Маданият министри болгон Сулатан Раевди, дагы экс-министрлер Нурлан Шакиевди, Ибрагим Жунусуовду, кийин “Кыргызфилим” киностудиясындагы Бакыт Карагуловдун, Шамшиевдин, Мукталы Бектеналиевдин,  Таалай Кулмендиевдин, азыркы директордун, дагы бир топтордун кино тартуудагы акча өнөгөндөрүн иликтеп жаздым. Баары далилдер менен! Укук коргоо органдарынын ал тууралуу тиешелүү кагаздары колдо болчу. Алардын бири да мени сотко бере алган жок. “Мафиянын” ана башчысы Раев министр кезинде “болбогон кептерди жазып жатат” –деп интервью берип актанып тим болгон. Ошондо биздин гезит анын кызматтан кетишине жакшы эле салым кошту окшойт. Кызматтан кеткенде, КТРКдан кезигип калдым. Ал мага Болоткановдой зөөкүрлөнүп, алка-жакадан албай, маданияттуу эле учурашып, “жалгандын баарын жаздың”-деп дагы  бир аз сөз айтып ыйламсырады. Мен ага: “ошончо жалган макала жазгыдай башым экөө эмес, мыйзам бар, мен да жооп берем, жалган болсо сотко берип, актыгыңызды далилдеңиз”-дедим. Ал сотко бербей турганын айтып, шашып кетип калды. Ошондой эле, Бакыт Карагулов да редакцияга келип,  буркан-шаркан түшүп, опулдады. Далилим бар деп көгөрдүм.

Дагы бири – бул Курмангазы Исанаев: “Көрүнгөн адамга Шамшыкеев деген болбогон, ушак кептерди жазып, жаманатты кылып жүрөт деп айта бергенин бир эмес, бир нече адамдан угуп калдым. Жиним келди. Телефон чалып: “Ушак болсо, жокко чыгарыңыз, цирктеги коррупция көзү сокур адамга да көрүнүп турат, абалы мышык ыйлардан да жаман, далил толтура. Сиз ал жерде “крышаңызга” таянып гана олтурасыз, жоопко тартылбай” –дедим. Ал менин бул сөзүмө жооп кылып: “Эй бала билгениңди кыла берчи, жөн жүрсөңчү көзүңдү тазалатып коём” –деп опулдады.

Ал сөзүн бетке кармап, мурункудан да катуу айтсам, ал “мен антип айткан жокмун” –деп таанып кирсе болобу? Ошол сөзү телефонго жазылбай гана калды да… Бирок анын антип коркутуп жатканынан жумуштагы кесиптештерим кабардар болушкан.

Баса, ошол коомчулуктун кызыгуусун кыйла туудурган “Маданияттын мафиясы” аягына чейин, жетээр жерине чейин толук жазылбай калды. Себеби, ачык эле бут тосушту. Гезит ээси Момбековго чыгышып, жаздырбаганга аракет жазашты. Ал макаланын айынан Момбеков экөөбүз да жаман-жакшы көрүштүк дегендей… Мен сыйлаган, бир аз мамилем бар Садык Шерниязовду ж.б. белгилүү кишилерди (анын ичинде жердештерди дагы) да ортого салышты. Кызыгы, кийин мен жазган макалаларым боюнча укук коргоо органдары өздөрү кызыгып сурап келишкенден улам маалыматтарды берип жүрдүм. Бирок алар баарын жоопко тартабыз дешип коюп, эч нерсе кылышкан жок. Балким, алар менен жең ичинен соодалашып алыштыбы, ким билет? Кыскасы, “Маданияттын мафияларын” канча жазганыбыз менен бири дагы жоопко тартылган жок. Кайра тетиринен кетип, ошончо миллиондорду ичип жегендер кызматтарынан кетпей, кызматка көтөрүлүп жатты. Буга Садык Шерниязов айтмакчы “коррупциянын эмблемасындай болгон Бектаналиевдин” кызматында эмгиче бек олтурганын, Исанаевдин былкылдабай циркти кууратып жатканын, “Кыргызфильмдин” директорун, опера –балет театрын экинчи ирет жетектеп, өз билгенин кылып жаткан Болот Осмоновду, филармониядагы дагы бир Осмоновду айтсам жетиштүү далил болот. Жакынкы арада “Маданияттын мафиясын” дагы толуктап, дагы иликтеп окурмандын наазарына “Чагылгандан” сунуштоону эп көрүп турабыз.

 “Учкундун” экс-жетекчилери да унучуга элек…

 Мен мунун баарын коомчулук билсин деп жаздым, башкаларга да сабак болуп калаар деген үмүт менен. Болотканов да өзүнчө жыйынтык чыгарсын, сынга чычалбай, кенен болсун деп жаздым. Албетте, иш бар жерде, кемчилик болот. Бирок Болоткановдун кемиликтери өзгөчө. Аны ачык жазган журналисттерге секирбей, элден уялбайбы, секирип сес көрсөтөм дебей, бир аз болсо да артын тазалап албайбы десең. Чынында, анын былыктарын мен эле жалгыз жазганым жок. Өтө көп журналисттер жазды. Маселен: “Фабула”, “Де-факто”,  “Майдан”, “Искра”,  “Ачык саясат”,  “Азия нюьс”,  “Мекен -Инфо”, “Багыт” баштаган бир топ гезиттер, алардан алып жарыялашкан, өздөрү да  кошумчалап жазышкан толгон-токой сайттар да бар. Радио-ТВларды айтпай эле коёлу. Же Болотканов ошол гезиттердин, сайттардын редакторлору менен жакалашып сөгүшүп көнүп калган кургурбу?! Чынында Болотканов кылган иштери үчүн мыйзам алдында жооп бере турган адам. Анын былыктарын укук коргоо органдары бир аз эле чукуп койсо, “бур” этип, каңылжаарды жармак… “Учкунду” тейлеп тургандагы тетири иштери көп жазылды, көп айтылды. Бир да укук коргоо органы кыймылдаган жок. Анын ишмердүүлүгүн “Учкундун” мурунку жана кийинки жетекчилери да эң сонун билишет. Бирок алар да эмгиче ооз ачпай келишет.

Бир күнү “эл үчүн, мамлекет үчүн”-дешип агынан жарылып калгысы бардыр…Айтса, Момбеков, Нусувалиевдер айтышаар. Бирок экөө тең Таластык эмеспи, Болотканов экөөнүн жердеши болот, андыктан инисинин айыбын чукубай коюшу да ыктымал. Чынында “Учкундун” канча деген гектар жерлери бар эле, азыр жок. анын баары жең ичинен сатылып кеткен. Учурда мамлекеттик стратегиялык делген чоң мекеменин айлан-тегерегине кабат үйлөр тургузулуп калды. Убагында “Учкунду” 5 жылдай жетектеген депутат Каныбек Иманалиев жердин көбүн сатып жиберген, аны эл эң сонун билет.

Эми ушуну менен макаланы соңуна чыгайын. Жиним менен көп эле нерсени жаздым. Болоткановдун буга чейин коомчулукка ачыкка чыкпай келаткан болумсуз иштерин дагы жазат элем, бирок анысыз деле бул макала узак болуп калды. Азырынча жетиштүү. Ал элге чыга элек маалыматтарды ачыктаганга да кезек келээр. Андыктан, азырынча буга чейин ал тууралуу интертенттеги жагымсыз жаңылыктар топтомун ушул эле сайттан: “Болоткановдун болумсуз иштери” деген аталыш менен окуңуздар.

Автор: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here