Кыргыз саясатында баскан издери “балчык”, сүйлөсө тилдеринен сапырылган чаң чыккан, өздөрүн өтө эле чоң “фигура” сезип алышкан, амбициясы асмандагы айды чапчыган замандаштарыбыз абдан эле арбын. Алардын катарында “Республика-Ата -Журт” партиясынын өкүлү, Өмүрбек Бабановдун чоңураак “шестёркаларынын” бири Кубат Болотканов да бар. Бул адам Бабановдун аркасы менен “Учкун” ачык акционердик коомунун башкы директору болду. Ал жерде иштеп турганда дагы далай мыйзамсыздыктарга жол бергени, жең ичинен жеке кызыкчылыктарын ишке ийгиликтүү ашырганы далай-далай айтылганы менен, тилекке каршы ал “сасык” иштери: “жабылуу аяк, жабылуу бойдон калды”  көрүнөт. Андан кийин, КТРКнын башкы директорунун орун басары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болду. Жакында эле ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына экинчи ирет талапкер болуп, “РАЖдын” тизмесинде 34гө илинип, атырылып аттанып чыкканы менен Бишкектин Ала-Тоо, Ак-Өргөө, Арча-Бешик жаңы конуштарынан аз добуш алып, депутаттык мандатка илинбей калган. Билгендер Болотканов жалпысынан шайлоого 10 миллион сомдун тегерегиндеги каражат чачканын айтышууда. Ал мынча акчаны кайдан алган, же партия штабы ушунча каражат берди дейсизби? Балким, мамлекеттик “май талкан” кызматтарда жүрүп, “таман акы, маңдай тери” менен тапты бекен? Буга ак дилден, абийирине камчы чаппай, апыртпаган жооп айта алабы?! Эх, бул эргулуң чындыктын бетине тике карай албайт го…

Ошол жакында эле жыйынтыкталган шайлоодо анын  башка чыгымдарын, “сатып” алууларын эске албаганда,  агитаторлорго эң аз дегенде 10 миң сомдон айлык катары таратып берген экен. Мунусу го, бул дейли. Кадыресе көрүнүштөрдүн бири дечи.

Бирок бул кургур Болотканов партия лидери Бабанов Президенттикке талапкер  болуп аттанганын жар салган күнү, тагыраагы 14-февралда  Ала-Тоо, Ак-Өргөө, Арча-Бешиктеги  шайлоодо өзүнө чуркап иштеген агитаторлорунун баарына болбосо да, бир тобуна 7 миң сомдон таратып, бир аз колдорун “майлап” кеткенин эшиттик. Бизге жеткен маалыматка караганда Ала-Тоо жаңы конушундагы 40 агитатор бар экен. Ал эми Арча-Бешик менен Ак-Өргөөдө да алардын саны мындан кем эмес дешет. Кыскасы, алыска аркан таштагысы келген Болотканов кеч болсо да аларга ыраазычылык айткысы келдиби, же шефине жакшы көрүнгүсү келдиби? Муну ар кандай жоруса болот. Бир чындыкка жакыны мындай: Президенттик шайлоо учурунда ал агитаторлордун пайдасы иттей кереги тийет да, туурабы?!  Кызыгы, БӨТ Болоткановдун мындай жүрүштөрүнөн кабардарбы, же бул иштин артында өзү турабы? Балким партиянын башка шайлоо аймактарындагы талапкерлер да ушундай саясат жүргүзүп жүрүшпөсүн, маселен БӨТтүн  ажолукка аттанып чыкканынын “улуу урматына” дейличи…

Кыскасы, суроо көп, так маалыматтар  азырынча жок. Мындай чоң шайлоонун алдындагы шайтан оюндарга багытталган ар кандай аракеттер, ыксыз ыкмалардын күнгөй — тескейин  ар тараптуу иликтөөнү “Чагылган” сайты  мындан ары да күчөтө бермекчи.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here