Аз күн мурун интернет түйүнүндө мындан туура 64 жыл мурун, так айтканда 1953-жылдын март айынын 10дорунда  Москаванын Кызыл аянытында тартылган, убактысы 10 мүнөткө созулган ( түстүү тасма) даректүү тасма жарыяланды. Белгилүү болгондой ошол жылдын 5-мартында улуу жол башчы, улуу кол башчы Иосиф Сталин дүйнө салган. Тасмада ааламга атагы чыккан Сталинди акыркы сапарга узатуу зыйнатын көрүүгө болот. Ал уникалдуу тасманы, сүрөттөрү менен кошо АКШнын СССРдеги элчилигинде иштеген Мартин Манхоф аттуу адам, же түз айтканда АКШнын Москавдагы шпиону тарткан.  Тасма Москвадагы элчиликтин балконунан тартылыптыр. Тасмадан ССРдин уламышка айланган партия лидерлери: Никита Хрущев, Лаврентий Берия, Вячеслав Молотов баштаган бир топ атка минерлерди көрүүгө болот. Бул тасманы америкалык тарыхчы Дуглас Смит 10 – март күнү ЖМК аркылуу дүйнө коомчулугуна жарыя кылды.

1953-жылдын 1-мартында резиденцияда Сталиндин эс-учун билбей кулап жатканын, анын күзөтчүлөрүнүн бири көргөн. Кийинки күнү доктурлар анын мээсине кан куюлуп кеткенин, оң жак ыпатсы иштебей, кыймылсыз болуп калганын айткан. Ал  5-март күнү 21:50дө жан берген. Айрым тарыхчылар анын өлүмүн Никиту Хрущевадон жана Лаврентия Бериядан көрүп, өз иликтөөлөрүн жар салышкан. Ал эми ССРдеги АКШ шпиону Манхоф 1952-1954-жылдары Москвада иштеген. Анын архивинде Москвадан тышкары, СССРдин бир нече чоң шаарларында тартылган тасмалар да табылган.

Ал эми Сталиндин сөөгү балзамдалып, Лениндин сөөгүнүн жанына коюлуп, ал музей 1961-жылга чейин эки жол башчынын атында болуп келген. 1961-жылы 31-октябрдын түнүндө Кремль дубалдары көрүстөнүндө жерге берилген. Мындай чечим  КПССти XXII съездинде кабыл алынган. Сталиндин  сөөгү Лениндин мавзолейинде жатканы, анын осуяттарына туура келбейт деген жүйө менен түшүндүрүшкөн.Төмөндө АКШнын ошол шпион тарабынан тартылган сүрөттөргө көңүлүңүздөрдү бурабыз:

 

 

Manezh Square, Moscow

 

Looking up Okhotny Ryad Street, Moscow
Manezh Square, Moscow
Жакында эле ачылган монументке РФнын эл башчылары таазим кылышты

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here