Психологдор ар кандай ыкмалар менен адамдын ички туюмун, кыял-жоругун билүгө аракет кылып келишет. Жаныңызда жүргөн жарымыңыздын кыялын карегинин өңүнө карап билсеңиз болот.

Адамдын ички туюмун билгиңиз келсе, көзүнө көңүл буруңуз

Көз дайыма көрүнүп турат, аны катып койгонго да болбойт. Эгер чындыкты издеген болсоң, адамдын көзүнө тик карап, айтпай жаткан чындыкты көз карашынан билип алууга болот. Бирок, алгач кээ бир нерселерге көңүл буруп алуу зарыл. Мисалы, бир адамдын ички дүйнөсүн, анын кыял жоругун билгиңиз келсе, алгач ал адамдын көзүнүн өңүнө көңүл буруңуз. Эгер көздүн карегинин өңү канчалык ачык болсо, ал адам ошончолук энергияялуу, активдү, шайыр жана күйчтү адам. Андан да ачыгыраак болсо, ал адам назик, таарынчаак романтик адам экенинен кабар берет. Жылуу көздөр, адамдын боорукер, жароокерлигинен кабар берсе, тескерисинче чакчайган заары чыккан көздөр адамдын катуулугун билдирет.

Кой көздүлөрдүн энергиясы күчтүү болот

 Кой көздүлөр башка көздөрдөн активдүлүгү, энергиясынын күчтүлүгү менен айырмаланышат жана кумарга бат берилип кеткени болбосо, бир ишти баштаарда позитивдү болушат. Мындай көздүлөр дээринен эле бийликти сүйгөн адамдар болгондуктан, кай жерде болбосун лидер болгонду жактырышат. Андан сырткары, абдан темпераменттү, сүймөнчүктү, чечкиндү урушчаак, бирөө менен бат тил табышып кетү жөндөмдүлүгүнө ээ болушат.

Көк көздөр тежик келишет

Көк көздүлөр болсо, тежик келишет. Баштаган ишинин майын чыгара аткарган, аларда тубаса уюштуруучулук талант болот. Мындай көздүлөр адамдын өзүнө жараша мамиле кылышат. Эгер көк көздү адамдардан дос күтсөңүз эч коркпостон достугуңузду уланта берсеңиз болот. Бирок, кату да душман боло ала тургандыгын эсиңизден чыгарбаганыңыз дурус.

Искусствого жакын адамдардын көзү көгүш болот

 Көгүш көздүлөрдүн фантазиясы күчтү, кыялкеч адамдар болушат. Бардык сөздөрдү жүрөгүнө жакын кабыл алышкандыктан, ыйлаак да келишет. Бирок, көгүш өң муздак өңдөрдүн катарына киргендиктен, мындай көздүлөрдөн да муздак жана катуу адамдар чыгат. Көбүнчө искусствого жакын адамдардын көздөрү көгүш болот. Көгүш көздүлөрдүн башка өңдү көздөргө карагнада бардык жактан табити мыкты болот.

Бозомук көздөр иштерман экенинен кабар берет

 Мындай көздөр адамдын иштерман экенин тастыктап турат. Мындайлар акылдуу, кайраттуу, бир нерседен үмүтүн үзбөгөн адамдар болушат. Мындай көздүлөрдөн көбүнчө философтор чыгат.

Автор:  Самара Саламатова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here