Акча – жашоо. Анткени азыр акчаң жок жашай албайсың. Акчаны күнүмдүк керектөөгө жумшай турган нерсе катары караганыбыз менен бүтүндөй жашообузга зарыл экенин моюнга алабыз. Анткени күнүмдүк керектөөнүн өзү жашоо. Керектөө талап кылынбаса, демек жашоо токтойт. Ошол үчүн баарыбыз акча тапканга аракет кылып, жан үрөп иштеп келебиз. Бирок акча туурасындагы айрым кызыктарды биле бербейбиз.  Эгер акча жөнүндө айрым кызыктуу маалыматтарды билгиңиз келсе төмөнкү маалыматтарга көз жүгүртүңүз.

Улуттук валютага ар кимдин эле сүрөтү түшүрүлө бербейт. Ал үчүн көп эмгек кылып, артыңда из калтырыш керек. Бирок мындай мүмкүнчүлүк америкалык бир айымга буюрган.  Америкалык аялдардын арасынан акчага сүрөтү түшүрүлгөн жалгыз аял – Марта Вашингтон болгон. Болгондо да күмүш 1 долларлык тыйынга.

Калвин Кулидж сүрөтү тыйынга түшүрүлгөн биринчи президент болгон. Ал үчүн Калвин Кулидждей эл үчүн эмгек кылыш керек, элди атып качып кетпей.

Кагаздан жасалган акчаны биринчи жолу Америка тыйындардын жетишсиздигинен улам 1861-жылы жасап чыккан. Бирок кагаздан жасалган акчаны биринчилерден болуп Кытайда колдоно баштаган.  Кандай болгондо да кытайлар кыйын да.

Эң бай адамдардын орточо жашы 60 жашты түзөт. Анткени алар акчасына сар- санаа болуп жатып жүрөк оорусуна кабылышат. Көп жашаганды кааласаң, ашыкча байлыктын кереги жок экен.

“$” деген белги 1788-жылы америкалык Оливер Пололка тарабынан ойлонуп табылган. Азыр бул белги бүт адамдарды өзүнө багындырууда.

Акча адамдын организме эң зыяндуу микробдорду алып жүрөт жана акчаны кармаган сайын адам көзгө көрүнбөгөн миллиондогон бактерияларды жутуп турат.  Бирок ошого карабай акчаны колдон түшүрбөйбүз.

Эң  бай адамдар акчаны жакшы көрөөрүн да, жаман көрөрүн да билишпейт. Себеби аларга акча бакыт менен бирге дайыма кайгы тартуулап турат.

Акча көп жерде чыр-чатак, коркунуч, өлүм да көп болот.

Акча шайтандан да жаман азыгырат

1906-жылы  Чарльз Кеттеринг электрондук акча эсептей турган аппаратты ойлоп тапкан.

1918-жылы Американын федералдык банкы биринчилерден болуп телеграф аркылуу акча которгон. Банк аркылуу акча которуу ушинитип башталган.

1920-жылы Америкада биринчи инкассатордук автоунаалар жүрө баштаган.

1937-жылы АКШда биринчи жолу кредит берилип, 1939-жылы биринчи банкомат пайда болгон.

Дүйнөдөгү эң алгачкы  миллиардер   1916-жылы  29-сентябрда  Джон Рокфеллер  деп табылган.  Ал «Стандарт Ойл» команиясынын негиздөөчүсү болгон.

1996-жылдан  2015-жылга чейин  байыган кишилердин саны абдан өскөн. 1996-жылы  423  миллиардер болсо, 2015-жылы алардын саны  1826га жеткен. Азыр мындан да көп.

Дүйнөдөгү эң бай адам наамын азыркы күнгө чейин Билл Гейтс бербей келет. Жашы алтымыштан ашып калган миллиардердин жылдык кирешеси 75 млрд. доллар.

Чыныгы миллионерлер бир гана аял алышат жана аны менен өмүр бою жашашат. Себеби алар экинчи аял алып, биринчиси менен ажырашып жарым байлыгынан ажыроону каалашпайт. Анан алар эч качан балдарын эзилип жакшы көрүшпөйт жана кымбат баалуу оюнчуктарды сатып беришпейт. Алардын балдарына жасаган эң  жакшы нерсеси мыкты билим берүү жана үй-бүлөнүн эки тизгин, бир чылбырын колго алып башкарып кетүүгө тарбиялоо.

Ар кайсы элде акчаны чакыруунун ар кандай ыкмалары, ырым-жырымдары бар. Маселен батышта алтын балык салынган аквариумду колдонушса, айрым жерлерде босогого тыйындарды тагып коюшат. А бизде болсо түрү көп. Кээ бирөөлөр тыйындын, акчанын сүрөтү бар ар кандай сувенирлерди колдонсо, айрымдар акча чакыруучу атыр, гүлдөрдү пайдаланышат.

Эл ичинде айтылган ырым-жырымдар:

Акчалуу болгум келет десең:

Үйдүн ичинде ышкырба,

Капчыктагы майда тыйындарды санаба,

Күн баткандан кийин таштанды төкпө,

Шыпыргыны тигинен койбо,

Кечинде карызга акча бербе,

Капчыкты бош койбо,

Акчаны кечинде санаба деген сыяктуу бир топ ырым-жырымдар бар. Ишенүү же ишенбей коюу ар бир адамдын өз эрки. Бирок буйруктун баары Кудайдан экендигин унутпаш керек.

Автор: Жаркынай Кадыркулова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here