Кыргыз эли байыртадан эле танланттарга бай. Канчалаган залкар жазуучулар, акындар чыгып, кыргыздын атын дүйнө жүзүнө таанытты. Кудай жакшы адамды эрте алат, — дегендей, залкар адамдардын көбү бул жалган дүйнө менен эрте коштошушат. Кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлү, дүйнө жүзүнө таанымал балерон Чолпонбек Базарбаевдин өмүрлүк жары, өкүл баласы жана окутуучусун кепке тартып,  залкар инсанды эскердик.  Өмүрү өрнөк өзгөчө адамдын арабыздан кеткенине быйыл сентябрь айындатуура 15 жыл болот. Эгер көзү тирүү болсо болгону 68 жашка толмок. Уюткулуу журттун уучу кур эместир, качандыр бир кезде дүйнөнү дүңгүрөткөн Чолпонбек Базарбаевдей чоң бийчи чыгат деген тилектебиз

  Басып  өткөн жолу баалуу…

 Чолпонбек БАЗАРБАЕВ 1949-жылы 4-февралда Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1959-жылы М.Күреңкеев атында Фрунзе музыкалык окуу жайына тапшырган. 1966-жылдан баштап, Кыргыз опера жана балет театрынын Москвада жана Ленинграддагы гастролдоруна чыга баштаган. 1967-жылдан 1968-жылга чейин Москва академиялык хароеграфиялык орто окуу жайында тажрыйба алмашууга барып, окуп келген. Жылына балет классикасынын отуздан ашык спектакльдерин ойночу. Алардын ичинен эң оор образдар: П.И. Чайковскийдин «Лебединое озеро», А. Адандын «Жизель», У. Мусаевдин «Томирис», Петрушканын «Петрушка» ж.б. болду. 2002-жылдын 2-сентябрында автокырсыктан көз жумду.

 Алган сыйлыктары:
— «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» (1974-ж);

— Адабият жана искусство жаатында, К. Молдобасановдун «Жер эне», А. Хачатуряндын «Спартак», А. Адандын «Жизель» балеттерин мыкты аткаргандыгы үчүн Кыргызстандагы Ленин Комсомол сыйлыгынын лауреаты. (1976-ж);

— «СССРдин эл артисти» (1982-ж);

— Чыңгыз Айтматовдун эл аралык сыйлыгы (1992-ж);

— Эл аралык «Мин Он» (Япониыя) музыфкалык сыйлыгынын ээси (19950-ж);

— «Данакер» орденинин ээси ж.б.

 «Чолпонбек, мага ыр менен кат жөнөтчү»

 — Надежда эже, Чолпонбек агай менен кантип таанышып калдыңыз эле?

— Чолпонбек экөөбүз кичинекей чактан бери эле чогуу жүрдүк. Мектепте Хареографиялык орто окуу жайын да чогуу аяктадык. Театрга чогуу келгенбиз. Ал жакта 20 жылдан ашык иштедик. 1969-жылы үйлөндүк. 33 жыл чогуу жашадык. Экөөбүз тең иштеген ишибизден рахат алчубуз. Гастролдордо жүрдүк, таанымал адамдар, өлкө башчылары менен чоң театрларга бардык. Ленинграддагы театрга барып, СССРдин эл артисттери менен жолугушуп жүрдүк. Ошол жылдар мен үчүн да, Чолпонбек үчүн да жакшы жылдардан болду. Эстесем, биздин келечегибиз экен. Эки балалуу болгонбуз, Чолпонбектен кийин эле бир балам анын аркасынан кете берди. Таалай деген уулум Англиянын иштейт. Үйлөнүп, бир балалуу болду. Келин-уулумдукунда төрт айча жүрүп жакында эле келдим. Өзүм Чолпонбек Базарбаев атындагы Хареографиялык орто окуу жайында балеттен сабак берип иштеп жатам.

— Сиз Тувалык кыргыз болсоңуз да, атыңыз орустардын аты. Надежда дебей эле кыргызча Үмүт десеңиз болбойбу?

— Енисейлик кыргызмын. Биз төрөлгөн учурда көбү Россиянын курамына кирип, якуттар, буряттар, хакастар, татарлар орустардын «Света», «Роза» деген   аттарын койгон мода болгон. Кээ бирлер орус досторуна арнап, орустун атын койгон.

— Кыргызстанга кандайча келип калдыңыз?

— 1956-58-жылдары Тувага Кыргызстандан артисттер барып калганда, биздин министрлик «Биздин балдарды да балет жагынан окутуп келгилечи, бизде да балеттер болсун» — дешкенинен, Кыргызстандан мугалимдер келип, балетке мени тандап алган. Мен 1959-жылы Тувадан келсем, Чолпонбек Нарындын Ат-Башысынан келген. Келгенде мени баары эле Үмүт дешчү. А бирок, документтеги атым Надежда.

— Чолпонбек агайды берешен, ак көңүл деп уктук эле…

— Ооба, абдан берешен болчу. Ак көңүл, боорукер, ачык мүнөз, чынчыл киши эле. Өзү шайыр жүргөндүктөн, үйдөн достору үзүлчү эмес. Спектакльден кийин биздин үйгө келип ар нерсени сүйлөп отуруп, анан кетишчү. Адамдарды даражасына карап «Бул министр, бул дүкөнчү же болбосо кароолчу» — деп бөлчү эмес. Ким болсо дагы «Менин маңдайымда отурган – адам. А адамдын баары кудайдын алдында бир. Азырынча иштеп жаткан иши убактылуу нерсе. Баарыбыз тамак ичебиз, уктайбыз, эс алабыз, убакыт-сааты келгенде министр деле, жөнөкөй кызматкер деле өлөт» — деп көп айтчу. Атасынан эрте калып, инилери, кайненем баары биздин үйдө жашашкан. Экөөбүз иштечүбүз. Айлыгыбыз аз,кыйналып-кысталдык. Бирок, ошого карабастан, капаланбай өзүн карманып жүрчү.- Апасы да кайтыш болуп калды.  Болгону бир карындашы бар болчу, ал каза болду, эки иниси да Чолпонбек барган жайга кетти. Азыр Кудайберген, Жумабек деген эки иниси бар. Алардын балдары бар, алар менен катышып турабыз.

— Романтик беле?

— Чолпонбек чоң романтик болчу. Отуруп алып, барган жерлерин кооздоп айтып бергенде, отурган достору, «Сен барган жерге баргандай эле болуп калдык» — деп күлүп калышчу. Мен Москвада жүргөндө ыр менен кат жөнөтчү, сүрөт да тартчу. Талантты берсе ар кайсы жагынан бере берет турбайбы. Ыр жазып, сүрөт тартчу, комузда, фортепианодо сонун ойночу. Өлөөрүнө эки-үч жыл калганда ырдай баштады. Кубулжуган үнү бар болчу. Спорт жагынан да мыкты болчу. Футбол, баскетбол, бильярдды жакшы ойночу. Бир нерсени жасайм десе, сөзсүз түрдө, анын майын чыгара жасачу. Балет — жаратылыштын берген таланты болуш керек. Чыңзыз Айтматов айткандай, «Андай киши бир кылымда бирөө эле төрөлөт» — деп айткандай, Чолпонбектей таланттар жүз жылда бир жаралса керек. Чолпонбек, пианист болсо деле мыкты пианист болмок, спортсмен болсо, дүйнөнүн чемпиону болмок.

Ал тирүү кезде биз бири-бирибизди мактачу эмеспиз. Тескерисинче, «Мунуң туура эмес, тигиниң туура эмес» — деп жетишпеген жерибизди айтчубуз. Азыр мактасам болот. Чолпонбек менен жашаган жылдарымды эң мыкты жылдарым деп эсептейм, ошол жылдарым менен жашайм.

— Үйдө кандай жар эле?

— Жасайм дегендин баарын жасачу. Бирок, колу бошобогондуктан, үй жумуштарын өзүм жасачумун.

— Экөөңүздөр урушуп, таарынышып кеткен күндөр болду беле?

— Эми болот да ар бир үй-бүлөдө. «Биздин үйдө уруш болгон эмес» — дегендерге ишенбейм. Турмушта урушпаган үй-бүлө болбойт. Мен таарынып жүрө берчүмүн, Чолпонбек мага биринчи келип, тамашалап, кызык нерселерди айтып, мени күлдүрө берчү. «Билем, акча түгөнгөн го» деп күлүп калчу. «Жок, кеп акчада эмес» — десем, «Мен билем, макул эртең акча таап келем» — деп калчу. Биздин көйгөйүбүз акча болчу. Орустар айткандай ар бир адамдын жетишпеген нерсеси башка. Байлардыкы башка, биздики башка. Акчаны өзү кармачу эмес. Касса мен болчумун. Эгерде колуна акча тийсе, баарын түгөтмөйүн үйгө келчү эмес. Кийин биз бөлөк иштеп калдык. «Айлык алганда үйгө чейин такси менен келчи» — деп калчумун. Анткени, жолдон бирөөгө жоолукса, ар нерсени алып бере берчү. Мен үйдөгү оокатты бүтүрсөм, ал чыгармачылык менен иштечү.

— Чыгармачылыкта жакын санаалашы ким эле?

— Достору көп болчу. Баарын иним, биртууганым дечү.

— Бийчилер диета кармашат эмеспи. Чолпонбек байкенин диетасы кандай эле?

— Жок, экөөбүз тең диета кармачу эмеспиз. Биздин жакшы тамагыбыз, эт болчу. Спектакль болгондо эт менен картошка, камырды бышырып, шорпосу менен жечүбүз. Анткени, эт менен камыр жеңил болуп, ток жүрчүбүз. Андан башка тамак жечү эмеспиз. Чолпонбек аксөөк адам болчу. Табагы, кашыгы, салфеткасы, наны, чайы өз ордунда болгондо гана тамак иччү. Баарын даярдап койсом, келип жеп алып, туруп кетчү. Кээ бирде кайнилеримдин аялдары, «Жеңе, агама чайды өзүңүз эле бериңизчи. Биз бере албайбыз» — деп күлүп калышчу.

— Айсулу Токомбаева менен бийлеп калбадыбы? Айсулуу эжеден кызганчу белеңиз?

— Айсулуу Ленинграддан келип, аны менен 20 жыл чогуу иштедик. Айсулуунун үй-бүлөсү менен абдан жакшы мамиледе болчубуз. Күйөөсү жакшы бала болчу. Айсулуунун «кыйтың-мыйтыңы» жок түз жүргөн кыз болчу. Кызганчу деле эмесмин. Азыр Турцияда иштеп жүрөт.

— Чолпонбек байкени «Көңүлдөшү менен кетип баратып, автокырсыктан каза болгон» деген имиштерди да кулагыбыз чалган эле…

— Жок, «Эл оозунда элек жок» — дегендей, айта беришет. Чолпонбекти же алдым-жуттум деп айта алышпайт, же акча уурдаган жок. Бизде иштеген келин менен Манас айылына спектакль коёбуз деп жүргөн. Анан ошол жерди көрөбүз деп көрсөтүп, келатып каза болгон. Биз экөөбүз 33 жыл чогуу жашадык, 8 жыл «училищеде» бир партада отурдук. Эгерде ошондою бар болсо, элдин баары билмек. Үйгө конбой башка жакта жүргөн эмес. Дайыма чогуу жүрчүбүз. Жумушка чогуу, жумуштан чогуу, конокко чогуу дегендей. Элдер сүйлөй берсин, анын актыгын өзүм билем.

 Орозгелдиев Роберт, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусства институнун проректору, доктор, профессор:

  «Чолпонбек, окуучум болчу» 

 -Чолпонбек менин окуучум болчу. Оптимист, айланасындагы адамдарга жакшы мамиле кылчу. Дайыма жардамга муктаж адамдардан жардамын аячу эмес. Кыргызстандын искусствосуна, маданиятына аябагандай чоң салымын кошту десем жаңылышпайм. Чолпонбек Базарбаев улуттук искусствонун легендарлуу инсаны болчу. Эркектеридин арасынан «СССРдин эл артисти» наамын биринчилерден болуп алган. Көптөгөн өлкөлөрдүн театрларында белгилүү балерина Айсулуу Токомбаевна менен бийлеп калды. Ал артист гана болбостон, мамлекеттик ишмер болгон. Маданият министри, Билим берүү жана илим министринин орун басары да болгон. 1999-жылы Чолпонбек Базарбаев жөнүндө менин жазган китеп жазгам.

Акан Нуртазин, балетмейстер:   «Тер чыккыча бийлечү»

— 1973-жылы Чолпонбек байке менен таанышып калдым. Ошол учурда Москвадан комиссия келип, балетке кыз-балдарды тандап алып жатышкан. Чолпонбек байке мени карап, «Москвадан окуйсуңбу?» — деп тандап алды. Москвадан 8 жыл окуп келип, Чолпонбек байкенин колунда тарбиялана баштадым. Мен «Өкүл ата» деп коём. Экөөбү бир гриммёркадан кийинчүбүз, спектакльдерде чогуу бийлеп жүрдүк. Мыкты башкаруучу, оратор, психолог, уникалдуу адам болчу.

Бардык адамдар менен тил табыша билчү. Бардык сыйлыктарга өзүнүн гана күчү менен жетти. Иш дегенде жанын берген адам эле. Бир жолу бийлеп жатып, бир жери окшошпой калганда, өзүн бетке урган. Анын айынан бир канча күнү тамак жей албай жүрдү. Ооруканага барса, бетинен жарака кетиптир. Тер чыккыча бийечү. Өзүнүн кол алдында иштегендерге талапты жакшы койчу. Алдыга абдан сонун пландарды койгон эле. Анын бир да аткарылбай кетти…

Даярдаган: Төлөбүбү Касымалиева

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here