Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу билдирүү таратты. Ал билдирүүдө:

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында, а түгүл социалдык тармактарда да бул кампания акыркы бир нече жылдардан бери максаттуу жүрүп жатат жана өткөн жылдын жай мезгилинен тартып өзгөчө күч алды. Бул жалганчылыктын, ушакчылыктын жана бет тырмалыктын кампаниясы. Элибиз ыйык көргөн сөз эркиндиги принциптерин бетсиздик жана ушакчылык менен чаташтырган уятсыздардын жана ыймансыздардын иши.

Журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң башкы милдети жана укугу – бул адамдарга жалган маалыматтарды жана ушактарды эмес, калыс маалыматтарды, чындыкты жеткирүү экенин эске салгым келет.

Кыргызстандын жарандары бул эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын чыныгы көздөгөн максаты чындык эмес, жалган жалаа жана ушактоо менен бүткүл эл тарабынан шайланган Мамлекет башчысынын жана бүт өлкөнүн дүйнөлүк коомчулуктагы беделин түшүрүү, өлкөнүн жаңы Президентин шайлоо алдында Кыргызстандагы кырдаалды курчутуу экенин билиши керек. Кийинки жылдары Кыргызстандын бутуна туруп бара жатканын түшүнүп, бул адамдар митаам жана булганыч оюн башташып, жалганчылыкты жана ушакчылыкты өздөрүнүн куралы кылып алышты. Тийиштүү мамлекеттик органдар бул өздөрүн калп эле эркиндик үчүн күрөшүүчү кылып көрсөтүп жатышкандарга мыйзам бүткүл эл шайлаган Президент үчүн эле эмес, бардык жарандар үчүн бирдей экенин эскерте турган мезгил келди.

Азыр өлкөбүзгө жана Кыргызстан элине тынчтык жана туруктуулук, биримдик жана бекем баш кошкондук керек. Көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу жетишилген жарандардын укуктары жана эркиндиктери менен бир ууч жалганчылар жана ушакчылар чайкоочулук кылышына жол бербейбиз”– деп айтылат.

Чынында Президенттин бул билдирүүсүндө чындыктын үлүшү жок деп айтуу туура эмес. Сөз эркиндиги деп эле чектен чыккан да болбойт.  Бирок ошондой болсо да, ажо өзүнө карата айтылган сындарга акыркы учурларда катуу чычалап, ал тургай кескин чычалап жатканы көпчүлүккө жакпай турат. Буга Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркын шек келтирди деген жүйө менен «24 kg» маалымат агенттигин, «Заноза» сайтын жана «Азаттык» радиосун сотко берип, бир нече миллион сомдук доо талап кылганын эң сонун мисал болуп берет. Бул маалымат каражаттары  Текебаевдин: “ кыйыраган учактагы жүк Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө таандык” деген билдирүүсүн чагылдырышканы себеп болуптур. Мына кызык, ал маалыматты Кыргызстандагы бийликтин акырынан жем жебеген баардык ЖМКлар жазышты, кенен чагылдырышты. Бакандай саясатчынын билдирүүсүн жаздыңар деп кинелеген туура эместир. Ал эми Текебаевдин “Сентябрь” каналы ал маселени күндүр-түндүр көрсөтө берип, элди да тажатты. Эмне үчүн аны сотко беришкен жок? Белгилүү болгондой, “Азаттык” үн алгысынын 100 миңдеген угармандары бар, ошондой эле бул үн алгысынын сайтына да күн сайын 10 миңдеген окурмандар кирип, маалымат окушат. Ал эми “24 kg» менен «Занозага» күн сайын 30 миңдин тегерегиндеги окурмандар киришет. Бул эки сайт азырынча “АкиПресс” маалымат порталынан кийинки экинчи жана үчүнчү орунду талашып келаткан белдүү сайттардан болуп эсептелет. «Заноза» башынан эле бийликке оппозиция болгон сайттардын бири. Аны “Вечерний Бишкек”  гезитинин мурунку жамааты негиздеп чыгышкан.

Соттор эмне, бийликтин айтканын аткара берет да. Бийлик каалагандай чечим чыгарып бериши да мүмкүн. Бирок мындай көрүнүш Кыргызстандагы сөз эркиндигине кысым болуп каларын белгилүү адамдар, атайы адистер бир ооздон баса белгилеп айта башташты. Бул маселени терең жана кенен караш керек. Бийликти мактаган ЖМКлар жалган, ушак маалыматтарды тараткан жокпу? Айтор, бийлик сөз эркиндиги, ЖМК тууралуу бир тараптуу саясат жүргүзбөшү зарыл. Анын артын жакшы болбос… Маселен,  КТРК менен ЭЛТР каналдары ЖМКнын Эл аралык стандарттары менен иш алып барып жатабы? Бул каналдар деле, өзгөчө саясый маалыматтарды чагылдырууда толгон-токой мыйзам бузууларга барып жатышат. Аны ажо деле жакшы билсе керек. Кыскасы, бийлик бул жагын да унутпай, бир жыйынтык чыгарышы зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here