Акыркы учурларда катталып жаткан өспүрүмдөр арасындагы өз жанын кыюу эмнеге мынчалык санда көбөйүп бара жатканы баарына табышмак болуп калган эле. «Көк кит», «Тынч үй» деп аталган оюндар интернет тармагына тарап, өзгөчө өспүрүмдөр арасында ойнолуп, (оюн деп айтканга да ооз барбайт) жаш муундарды өз жанын кыюуга чейин жеткирип жатканы абдан өкүнүчтүү. Баардык ата-эне өз баласынан корккону менен баласын жоготкон ата-эненин абалын түшүнүү өтө кыйын. Ошентсе да коомдо ал оюн менен күрөшүү жүрүп жатса аны саясатка айлантып, элдин назарын башка жакка буру болуп жатат деген сыяктуу сөздөр көңүл оорутат.

Эмне үчүн оюндун түзүүчүлөрү өспүрүм курактагы балдарды тандашты?

Анткени бул курак- балдар-кыздардын жаңыдан бой жетип, бардык нерсеге ишенип, айлана-чөйрөгө болгон көз карашы өзгөрүү учуру. Өткөөл мезгил (переходный возраст) деп элдин ичинде айтылган курак ушул эмеспи. Арасында урунууга тоо таппай, урушаарга жоо таппай, же чоң адам эмес, же бала эмес куракта болуп турганда алардын азгырыкка тез берилип кетиши психологиялык жактан эчак эле тастыкталган. Интернет азыркы учурдун илдетине айланып калды. Ата-эне менен баланын ортосундагы байланыш өтө аз, баарытелефонду, же компьтерди тиктеп интернеттен маалымат издеп, оюндун түрүнө кызыгышат. Адамдар арасында баарлашуу да азайып баратканы бүгүнкү күндүн чындыгы. Ушул учурдан пайдаланган шылуундар ар кандай оюндарды ойлоп таап, акыры жаш өспүрүмдөрдүн жанын кыюусуна чейин түртүп жатат. Айланайын ата-энелер, жашообузду улар балдарыбыз болгондуктан алар менен тыгыз мамиле курууну эстен чыгарбайлычы. Телефонду өчүрүп, күнүгө иштен чарчап келсек да эки саат балдарга көңүл буруп, алардын көйгөйүн да угууга назар бурсак кантет? Алар менен сүйлөшүүдөн өткөн жыргал барбы? Көп үй-бүлөнү билем, иштен чарчап келсе да колунан телефон түшпөй, тегерегиндегилердин баарын унутуп интернеттеги кызыктарга баш-оту менен кирип кетишет. Ушул көрүнүш балдарга кандай тарбия берет?

Баланын башынан сылап, мээрим төгүп, мектепте эмне жаңылык болгонун сурап, баланын айтаар оюн терең маани берип угуу тарбиянын өзүнчө бир нугу эмеспи. Илгерки учурду алалычы, биздин ата-энелерибиз талаа-түздө иштеп, кечинде бутун тарта албай чарчап келгенине карабастан балам деп мээрим төгүп, сабактарыбызды бирден текшерип, мактаса мактап, тентектигибиз үчүн жазалоого да убакыт тапчу. Кир жууп, нан жасап, андан тышкары толгон-токой үй жумуштарын бирден санабай эле коёлу. Азыр бир үйдө эң көп дегенде үч бала, ал кезде ондон ашык баланы да төрөп өстүрүшкөн. Улам жашообузда жеңилдиктер болгон сайын ички дүйнөбүз, тарбиябыз жардыланып баратканы өкүндүрөт.

Техниканын өскөнү-көйгөйдү да жаратып жатат

Илим менен техниканын өсүп-өнүгүшү адам баласынын алдыга жылуусуна абдан чоң жардам берээри башынан эле белгилүү. Бүгүн өнүгүү заманындабыз. Бирок ошол өнүгүүнү максаттуу пайдаланып жатабызбы? Менимче жок. Анын да жеңил, азгырылма тарабына көбүрөөк ооп кеткен сыяктанабыз. Анын эле бир мисалы чоң-кичинебизге карабай интернет деген немени максатсыз пайдаланып, жакшы жагынан иш жасабай оюн, ар кандай пайдасы жок ойлоп табылган нерселерге көп убактыбызды коротобуз. Зыяндуу жагын көрбөгөндөй кол шилтейбиз. Ошол нерсе биздин келечегибизге балта чаап жаткан жокпу? Албетте,балта чабылат. Изденүү деген нерсе болбой калды. Калппы, чынбы интернеттеги нерселерге ишене беребиз. Атабыз бизге ишенимдүү кеп айткансып бирөөлөр менен талашып-тартышып, интернете жазылып жүрбөйбү деп кызыл чеке болобуз. Бул бизге эмне пайда алып келип жатат. Нервиңди, көз майыңды жеп, ачуулуу кылып салгандан башка пайдасы барбы. Ага караганда ошол эле интернеттеги пайдалуу нерселерди пайдаланса ишибиз алга жылып жатпайбы. Балдардын ден соолугуна зыян келип жатат. Азыр көчөдө ойногон бала жок, тиктегени телефон, таза аба жутпастан үйдө көз майын коротуп отурат. Колунан телефонду алып койсо ата-энесине тиш кайрагандары да болот экен. Бул көз каранды болуп калгандын белгиси эмеспи. Эс тарткан улан-кыздар өзүнүн көз каранды болуп калганын билишип эле андан баш тарта албастыгын моюндарына алып жатышпайбы. Буга эмне дейбиз?

Кайра учурдун көйгөйүнө айланган «Көк кит» менен «Тынч үйгө» кайрылалы. Учурда өлкөбүздүн ар тарабынан бул оюнга аралашкан балдар-кыздар табыла башташты. Алды өзүнө кол салса, арты жаңыдан гана байланышты баштаганын моюндашууда. Тамырын кескенге чейин баргандар маалымат булактарында тынбай жарыяланып жатат. Бул  жакшы көрүнүш эмес. Дагы бул жугуштуу оорудай тарап кете электе учурунда билинип калып, учурдагы түшүндүрүү иштеринин жүрүшү коркунучтун алдын алып калды десек болчудай.

Кайдыгер карабайлы, кайдыгерлик эч убакта жакшы нерсеге алып барган эмес. Балаңыздын интернет булактарындагы ар кандай байланыштарга чыгып жатканы ар дайым ата-эненин көзөмөлүндө болгону жакшы. Дегеле мектеп окуучусуна бири-бирине атаандашкан кымбат баалуу телефон алып берүүнүн деле кажети болбосо керек. Бул ата-эне менен мугалимге түйшүк жараткандан башка пайда деле алып келбесине көзүбүз жетип калды окшойт.  Ар бир ата-эне баласынын жаман нерсеге аралашканын каалабайт жана ага ишенгиси да келбейт. Ошентсе да орустарда жакшы кеп бар: «Доверяй, но проверяй» деген. Ишенип турсаң да ар дайым көзөмөлгө алып туруудан өткөн жакшы нерсе жок. Бала ишенчээк болот экен, кантип азгырылып кеткенин өзү да билбей калат. Ары карай тереңдеп кеткенде кимдир бирөөгө айткандан чочулайт (оюндун администраторлору коркутуп коёт турбайбы). Баланын мүнөзү өзгөргөн учурду байкаар менен аларды боорго тартып, уруш-талашы жок мээрим менен сүйлөшүүгө өтүш керек дешет психологдор. Эгерде жогоруда аталган оюнга кирген улан-кыздар болсо көп учурда колуна, кагазга киттин сүрөтүн тартып, таң атпай ойгонуп, телефонду колунан түшүрбөй, өзүнөн башка эч ким ача алгыс кылып телефонуна пароль коюп калат экен. Булл нерсенин баарын билебиз дегенибиз менен учурунда көңүл бурбай өткөрүп жебиргенибизди байкабай калышыбыз мүмкүн.

Бул азгырык оюн кимдир бирөөлөр айтып чыккандай элдин башын айландыруучу саясий оюнбу, же чын эле көйгөйлүү маселеби, эң башкысы ага эмес, балдарыбыздын жүрүш-турушуна көңүл буруп, аларга жардам берүүгө ашыгалы. Бала биздики. Мугалимдер, же тартип кызматчылары бул иш менен алектениши керек деп кайдыгер карап турбайлы.

Бул элге тарап кеткен бир коркунучтуу оюн болду, бирок ушунчалык кеңири тараган оюндардын арасында психологиялык жактан кол салып, өспүрүмдөрдүн өмүрүн алган ушул гана оюн болуп калат деп эч ким ишенимдүү айта албайт. Дайыма сактыкта болуш керек. Интернетке болгон көз карандылык да жаштардын келечегин талкалайт. Унутула түшкөндө экинчиси чыгып, дагы канча адамдын өмүрү табышмактуутүрдө кыйылгандан кийин гана себебин издеп жүрбөйлү. Ар ким өзүнө, жакындарына сак болуп, өзгөчө өсүп келе жаткан муундун ар бир кадамына көз салып турууну милдет катары кабыл алганыбыз туура деп эсептээр элем.

Автор: А. Кадырова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here