Кызматка келгени бар, же жок экени билинбеген Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында: “Орто мектептерди он эки жылдык кылып, окуучуларды ошончо жыл окуталы. Мындай ыкма балдарга билим алууда оор болуп жатат. Муну ишке киргизүүгө бир канча жыл кетет. Каражат да көп керек болот. Кошумча  бир жыл – бул бала-бакчага барбагандар үчүн болуп эсептелет.” –деген кыязда демилге көтөрүп, коомчулукту бир топ таңкалдырып койду.

Кызык, жакында эле окуучуларга 5  -күндүк окуу программасы киргизилген болчу. Анын себебин: “бизде окуучуларга жалпысынан 14 миң сабак берилсе, өнүккөн өлкөлөрдө 10 миңдин тегерегинде гана сабактар берилет  экен, биз да андай кылбасак болбойт, оор болуп атат” – деп түшүндүрүшкөн болчу. Окуучуларга билим берүүнү жеңилдеткендери ушулбу? Ансыз деле 1-класска чейинки башталгыч класс бар го. Билим берүү тармагындагы коррупция тыйылбай жатканда, бул маселе да ата-эненин чөнтөгүнө урулган сокку болуп калышы мүмкүн. Же кыйратып талапка ылайык билим берилбеген соң…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here