Башка нерсеге убакыт тапкан жаштар эмнегедир китеп окуганга убактысы жок. Айрымдар ачык эле «китеп окуунун эмне пайдасы бар?» деп ийин куушурушат. Бизде эле эмес, китепти чануу тенденциясы дүйнөдө да өөрчүп бара жатат. Психологдордун айтымында, интернеттеги керек да, кереги жок да ченемсиз көп маалыматтар китеп сүйүүчүлөрдүн санын азайтууда. Китеп окуунун зарылчылыгы барбы?» дегендер да бар. Бирок ошол эле учурда китептин пайдалуу жактарын эстен чыгарып коюп жатышкандыгы анык. Алар кайсылар? Таңкалычтуу, бирок факт

 Изилдөөлөргө таянсак, китепти көп окуу  оорунун алдын алганга жардам берет. Эң негизгиси, мээ ооруларынан коргойт. Мээнин активдүүлүгү өсүп, ооруларга туруштук бере алат. Ошондой эле китепке жакын адам башкаларга салыштырмалуу өзүнө ишенимдүү болот.

Стресстен арылтат

Азыркы заманда ким гана депрессияга түшпөйт? Китеп окуу стресстен арылтарына ишенип коюңуз. 2009-жылы Лондон шаарындагы Суссекса университетинин илимпоздору кыжалат болуп жаткан 6 адамга 6 мүнөт китеп окутуп, тажрыйба жасап көрүшкөн. Китеп адамды кыжалат ойлорунан кутултуп, эс алдырат.

Дүйнө таанымды өзгөртөт

Китептеги окуялар ак-караны ажырата алууга, турмуштагы акыйкаттыкты, сүйүүнү баалоого, кыянаттыкка жана башка турмушубузда кезиге турган терс факторлордун баарына туруштук берүүгө, күчтүү болууга жардам берет. Ички дүйнөнүн, руханий байлыктын өнүгүшүнө түрткү болот.

Китеп окуу көрүүнү начарлатпайт

Китеп окуунун пайдалуу жактары көп, бирок айрымдар көздүн көрүүсүн начарлатат дешет. Офтальмологдордун айтуусунда, китепти көп окуу эмес, тура эмес жагдайда окуу көрүүнү начарлатат. Мисалы, жатып алып же күңүрт бөлмөдө шамчырак менен окуу жана башкы

 

Креативдүү ойлордун жаралышына түрткү берет

Идеяга бай адамдар көп ойлорду китептен алышат. Мисалы, атактуу «Apple» компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс бош убактысынын көбүн көркөм чыгарма окууга арначу экен. Балким, китеп көп окусаңыз, сиз дагы дүйнөгө жаңы ийгилик жаратарсыз…

Сөз байлыгын байытат

Китепти көп окуган адам менен китеп окубаган адамдын сүйлөө речин салыштырсаңыз болот. Китеп окуу ораторлукка алып келбесе да, керек жерден оюңузду кенен, түшүнүктүү, терең чагылдырганга жардам берет.

Эс-тутумду жакшыртат

Китептеги миңдеген персонаждар жана анын кийимдери, кыймыл-аракетинин майдалап сүрөттөлүшү сиздин эс-тутумуңуздун мыкты болушуна шарт түзөт. Тактап айтканда, эс-тутум китеп окуу менен машыгып турат да, эске туту жакшыра баштайт. Атактуу Шерлок Холмстун бир фанаты көп окугандыктан, баамчылдыкка үйрөнүп, көчөдөгү ар бир адам кандай өңдө кийим кийип жүргөнүнөн бери айтып берип таң калтырган.

Айчүрөк Жоомартова.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here