Редакциядан: Бул тууралуу Жамалбек Ырысалиев жар салды. Жакшы самаалыкты жайылтууга “Чагылган ” да өз салымын кошуп, окурмандарга маалымдайт.

Ассалом алейкум! Урматтуу досторум,бир туугандарым жана баардык кыргыз элим. Укпай калдым,көрбөй калдым дебеңиздер! Биз Орус шериктерибиз менен Новосибирский шаарына «Кыргыз базарын» ачып жатабыз. Ачылышы 21-мартта болот. Соодагерлердин жүгүн «Биек-карго» аркылуу 1 килограмын 15 сомдон жеткиребиз. Ал эми базар боюнча маалымат. Жалпы соода аянты 170мин чарчы метр. Биринчи корпус иштеп баштаган. Новосибирский шаарынын четинде. 15 минут сайын шаардын бекер маршруттук каттам жүргүзгөнбүз. 21-марттан 28-апрелге чейин ярмарка болот. Орун бекер. Жатакана бизден. Автобус менен алып барабыз. Шамалотко же өзүмчө квартирага жашайм дегендер өзүнүздор чөнтөгүңүздөр менен кенешесиздер. Ярмарка бүткөн соң дагы 6 айга чейин комуналдык төлөмдөрдү төлөп аренда төлөбөстөн соода кыласыздар. 6 айдан сон 100 сомдон баштап 1500 сомго чейин ижара акы болот. Кыргыз үчүн кылган кызматыбыз ушул болсун деген тилегибиз бар. Бекер десе биз коркобуз. Акча төлөш керек десе барабыз.

Ошондуктан эч коркпостон Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан,жалпак тил менен айтканда эжелер-карындаштар,жеңелер,апалар тигип жаткан,Кыргыз өндүрүшүнөн чыккан товарларды Сибирь чөлкөмүнө таратуу менен бирге өзүбүздүн жана сиздердин капчыкты калыңдатуу максатыбыз. Башында ачык айтып такташып алуу үчүн Бишкек шаарында Карасаева(мурунку Дружба) көчөсүндө 100 катар сандуу кеңсебизге келиңиздер. Элебаева көчөсү менен кесилишет. Эч коркпостон товарларды жүктөп алып жөнөңүздөр! Алты айдын ичинде эмне алып барсаңыздар да буюрса, сатып бүтөсүздөр. Акыркы жүктү 15-марттка чейин кабыл алабыз. 21-мартта Нооруз майрамын Новосибирский шаарында Курмангазы Азыкбаев досумдун үй-бүлөөлүк ансамблинин коштоосуунда 5 боз үй тигип, сүмөлөк кайнатып,аш басып, 700 метр дасторкон жайып жети дубандан чогулган бир туугандар менен Кыргыз базарын чогуу ачабыз. Достор баардыгыныздар кош келиңиздер!!! Бул чакыруу баарыңыздарга бекер! Келип чай ичип кетиңиздер!!!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here