Ошентип,  ойдо жок жерден ЖК аппарат башчысы Абдыманап Кутушев кызматтан кетти. Эске салсак, аз күн мурун ЖКнын Эл аралык комитети  парламенттин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушевдин маселесин жабык эшик артында карашкан. Комитеттин мүчөлөрү аппарат башчынын кыска убакыттын ичинде ЖК бюджетинин эсебинен 10 жолу чет мамлекетке чыгып келгендигине нааразычылыктарын билдирип: “Чет мамлекетке аппарат башчы эмес, депутаттар да мынчалык көп чыгышпайт” деп дулдуңдашкан.

Алардын бул айткандарына спикер Чыныбай Турсунбеков: “ Кутушев  чет мамлекетке 10 эмес, 6  ирет чыккан, анын 5 жолкусуна кеткен чыгымы чакырган тарап төлөшкөнүн, ал чет мамлекетке кыргыз парламентинин ишин жакшыртуу, тажрыйба алмашуу иретинде барып келди” – деп тактоо киргизген болчу. Чын эле ЖКда бөйрөктөн шыйрак чыгара берчү депутаттар көп эмеспи. Эгер чын эле Кутушевдин 6 жолку чет мамлекетке чыккан чыгымын чакырган тарап төлөп жатса, анын эмнеси бар? Аппарат башчы жакшы иштеп жатат, парламенттин ичиндеги ирик-чириктерди тазалоого алгылыктуу аракеттерди көрүп жатканын аны жакындан билгендер кубануу менен айтып жатышканын кулагыбыз чалган.  Иштеп жаткан кишиге ичи тарлык кылуунун канчалык кажети бар?  Ошондой болсо да, кызматтан кетпейм деп ар амалга салбай, эркекче кетип калганы ага  асылгандардын жаагын жап кылды окшойт. Бирок Кутушев бул кызматтан “кутулганы” менен, жакында депутат болуп келиши толук ыктымал. Себеби, КСДПнын тизмесинде анын алдында “шопур” гана турат. Андан кийин кезек экс-аппарат башчыныкы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here