Канкор, качкын президент сөрөй Закиржан Бакиевдин Минскидеги тамынын сүрөттөрүн  REALTY.TUT.BY сайты  жарыялады. Анын үйү:  жалаң байлар, банкирлер, атка минерлер, ири бизнесмендер, белгилүү спортсмендер жашаган Лебяжий аталышындагы кири райондо жайгашыптыр.  Чынында,  хан сарайы көргөн көздүн жоосун алат. Албай курусун дейли, уурдалган арам акчадан курулган ал хан сарайды жардырып жиберсе да аздык кылаар.

Чынында ал хан сарай канкорго таандык эмес, биздин элге, биздин мамлекетке таандык десек болот. Анткени, Бакиев бала-чакасы менен Кыргызстанды сөөк мүлжүгөндөй мүлжүгөн. Жеген, ичкен, жуткан, талкалаган. Бүкүлү сугунган. Андай адамдын барынан жогу жакшы. Канкорду ушунча жылдан бери колтугуна катып жаткан диктатор Лукашенконун деле бийликтеги доору, өмүр-соңу жакшы болбос…

Кудай бар! Бакиевдерге бул дүйнөдө жаза жок болсо, тиги дүйнөдө сөз менен айта алгыс жаза күтүп турат. Тилекке каршы, азыркы бийликтин бир топ атка минерлери Бакиевдин баскан жолунан сабак алышкан жок. алар дагы Бишкекке, Ыссык-Көлгө ж.б жерлерге Бакиевдин мындай хан сарайынан кем калбаган үйлөрдү куруп, ар кандай жолдор менен арам бизнестерин гүлдөтүп жатышат. буга эл дагы, жараткан дагы күбө. айтор, теңирден тескери иштерди жазашууда. Жасай тургула, ал үчүн жазага тартыласыңар, акыры жакшылык көрбөйсүңөр… Тамыр алып, көпкө өспөйсүңөр…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here