Белгилүү болгондой өткөн жылы Ат-Башыда Ат-Башы районунун 85 жылдыгы чоң деңгээлде белгиленген. Ал мааракеге райондун акими Субакожоев Жакып Мойдунович катуу жүгүрүп, жакшы эле даярдангансыган. Айтор, бордолгон бодо малдар союлуп, ондогон боз үйлөр тигилип, мааракенин болушунча “майын” чыгарышкан. Бирок “иттин өлүгү” дал ошол боз үй маселесинде жатат. Андан бери кыйла убакыт өтсө да, ал чырлуу маселе эмдигиче чечиле элек экен. Иштин чоо-жайы мындай экен: аким Жакып Мойдунович ар бир айылдан  бир канча боз үй тиктирет.

Ошондо Казыбектен тээ Манас-1000ге чейин барып жүргөн Сабитакунов Мундушдун сонун боз үйүн айыл өкмөт башчы жалдырап сурап,  алып барып тигишет. Бирок маараке учурунда  аба-ырайы бузулуп, төрт боз үйдү шамал алып кетет. Катуу шамалдын кесепети  Мундуш аксакалдын да боз үйүнүн да жыгач-ташын талкалап кетиптир. Аким талкаланган боз үйлөрдүн ордун тургузуп, талапка ылайык акча төлөп берерин убада кылат. Бирок убада кечигет, аксакалдын 80деги байбичеси Токон апа айыл өкмөттөн доо доолап улам барса, алар ар кайсы шылтоону айтып, болгону 5 миң сом бере алабыз дешет: “5 миң сомго боз үйдүн жыгачы келеби?” –деп суроо салат, тигилер билмексенге салышат.

Акыры Токон апа таягын сүйрөп, небересин жетелеп акимге арызданып келсе, Жакыпбек мырзанын  “Эмне мен, Мойдундун ашына тиктим беле?!»- деп буркулдаптыр. Мойдуну акимдин атасы да. Бул маселе губернатор Аманбай Кайыповго да жетет. Ал жыйында чыгымды толук төлөп беришин милдеттендиргени менен, аким Жакыпбек мырза анын айтканын угуп койбостон,  бир жылдан бери өз билгенин кылып жүрүптүр. Карыган кемпир-чалды кан какшатпай, көзгө басар боз үйүн жалдырап сурап жатып мааракеге тигишкен айыл өкмөт менен акимчилик качан төлөп берет? “Мойдундун ашына тиктим беле”- деп энесиндей болгон байбичени кагып –силкип жолго салган  акимге чара колдончу киши барбы?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here