Кыргыздын сыймыгы Айсулуу Тыныбекова абройлуу United World Wrestlingнин тизмесинде дүйнө рейтингдеги эң  күчтүү балбандардын   ичинен 4 -орунга көтөрүлдү. Мындай рейтинг: Куба, Швеция, Болгария, Латвия  жана Украинада өткөн Эл аралык мелдештердин жыйынтыгын эске алуу менен 8- мартта чыгарылган. Белгилүү болгондой Айсулуу кыз жакында эле бутунан жаракат алганына карабастан күмүш медалга татыган. Азматсың, Айсулуу! Алга жана алга! Ар дайым Кыргызстандын желегин желбиретип, элибиздин эң сыймыктуу кыздарынан болуп жүрө бер.

Ал эми эркектер арасында ( 59 кг.) Арсен Эралиев  (бүгүнкү жаңыланган маалымат боюнча) болсо дүйнөдөгү эң күчтүү балбандардын тизмесинде 7 –орунду багынтты. Студенттер арасында биздин жаш балбаныбыз Каныбек Жолчубеков 10-орунга илинди, бул  да оңой эмес чынында. 71 кг. салмактагы Руслан Царев 16чы болсо, 130 кг. салмактагы Мурат Романов 15 –орунда.Азаматсыңар, ийгилик силерге!

Дүйнөнүн эң күчтүү  (аялдар арасында) балбандарынын  (58 кг.) тизмедеги бештигине көз чаптырыңыз:

  1. Каори Ичо (Япония) —Рио-2016нын чемпиону. Алтын медаль.

Валерия Коблова-Жолобова (Россия) — Рио-2016да күмүш медаль.

Марва Амри (Тунис) — 3 Рио-2016. Коло медаль.

  1. Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан) — Рио-2016. 5чи орун.

Сакши Малик (Индия) — Рио-2016. 3-орун.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here