16-январдагы учак кырсыгынын кесепеттерин жоюга ушул күнгө эл жапа тырмак жардамдарын көрсөтүп  келатат. Буга, Кудайга шүгүр дешибиз керек. Ылайым эле ынтымагыбыз ыдырабасын, биримдигибиз күчөй берсин! Белгилүү болгондой ӨКМ да жардам көрсөтүчүлөргө атайы эсеп ачкан. Ал эсепке ушу күнгө чейин 95 млн. 200 миңден ашуун акча чогулган. Мына андан бери эки айга жакын убакы өттү. Бирок чогулган жардамдар жабыр тарткандарга бөлүнүп берилбей жатканына ал кырсыктан жабыр тарткандар нааразы болуп жатышканы маалым болду. Чындап эле акчалай ж.б. жардамга муктаж болгондордун көкүрөктөрүнө көк таштай тийип жаткан көйгөйлөрү тезирээк чечилсе болмок.

Ал ортодо; “ ӨКМ чогулган акчанын  аз эмес бөлүгүн өздөрүнүн көрсөткөн кызматтарына сарптап койду”- деген маалымат да чыгып, анын чын-бышыгы аныктала электе, жабыр тарткандардын  гана эмес, жалпы коомчулуктун кыжырын кайнатып турат. Ал эми түрк компаниясы төлөп бере турган чыгым жана кенемте да кечигип жатат. Деги атайы эсепке түшүп, улам четинен “сүрсүп” жаткан 95 млн. сомдун тоголок тыйыны жоголбосо экен.

Же аны айлантып пайда көрүп жатышкан жокпу деген да күдүк ойлор кимдин гана оюна келбейт? Бизде уруп ойнобой, уурулукка баргандар  көп да, бирөөлөрдүн кайгысынан акча жасоо кадыресе көрүнүшкө эчак эле айланып калбадыбы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here