Ушу тапта “Ата Мекендин”  абактагы “атасы” Текебаевди бошотуу талабы менен Ала- Тоо аянтында 50дөй гана адам митинг өткөрүп жатат. Элдин аны өткөндөгү митингдерге салыштырмалуу кыйла аз экенин ар кандай божомолдоп айткандар да четинен чыгууда.

Белгилүү болгондой бүгүн саат 16:00дө  Чиркешович менен Чотоновдун баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту карайт. Аталган сот имаратын милициянын аз эмес сандагы  кызматкерлери катуу көзөмөлгө алууда.

Бийлик эки саясатчыны үй камагына чыгарып жибереби, же абакта калтырабы? Бул маселени азыр көпчүлүк кызыгуу менен күтүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here