Абакка камалган Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз   каларын биз да жазып келгенбиз. Эгер бийлик Текебаевди үй камагына чыгарса кыйыр түрдө болсо да жеңилип калаарын эскерткенбиз. Бүгүнкү сот чечими дал ошондой эле болду. Эми эки саясатчы 25 –апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында «жамбаштап» китеп окуп жатышмай болду. Ал эми чечимди уккан митингчилер суука байланыштуубу, айтор тез эле тарап кетишти. Текебаевдин жактоочулары шаардык соттун мындай чечимине макул болбой, эртең Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турганы маалым болду. Жогорку Сот деле чечимди өзгөртпөйт. Чечимди өзгөртсө, бир гана Атамбаев өзгөртөт. Ал эми ажо болсо бул турушу менен чечимди өзгөртүүгө шашылбайт. Тескерисинче, катуулатат окшобойбу…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here