КСДПнын жаш, тапан жана бийликтеги атка минерлерге бир топ таасирдүү депутаты Данияр Аттокуров бүгүнкү ЖК жыйынында эч бир депутаттын оюна келбес оюн ортого салды. Ал: “Бакыт Төрөбаев ЖКнын дарегине негизсиз сын айтты. Ошондуктан ал парламенттен өз ыктыяры менен  кетүү тууралуу чечим чыгарышы керек” –деген мааниде “өнүгүүчүлөрдү” өгөйлөдү.

Канткен менен Аттокуровдун бул сунушу  ишке ашпай турган сунуш го. Себеби, депутаттар, айрыкча лидерлер: “тарайлы, кетели” деп керсейип кеп айта беришет. Бирок аны иш жүзүндө оңой менен аткарышпайт. Бул турмуштун да, сасык саясаттын да негизги чындыгы эмеспи. Эгер Төрөбаев Аттокуровдун бул сунушуна суук көз менен карабай парламенттен фракциясы менен толук мандаттарын ыргытып басып кетсе, анда ал кадам чыныгы тарыхый окуя катары тарыхта калмак. Эл да алкышын аянбай айтмак. Азырынча андай кадамга эч бир фракциянын, эч бир депутаттын “духу” жетпес…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here