Кыргызга душманбы, тууганбы, айтор аны ажырата билбей айкырып-өкүрүп адвокат боло берчү Азиза Абдирасулова бул жолу “террорчулукка кол кабыш кылган, курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген” деген айып менен кармалган мурунку “Ак жолчу” экс-депутат Максат Кунакуновдун таламын талашып чыкты. Анын айтымына ишенсек аны №1 абагында карцерге кармап, сыз жерге жаткызып сазайын колуна берип, Кудайын таанытып жатышыптыр. Бул канчалык деңгээлде чындык ким билсин. Жазаларды аткаруу кызматы болсо анын маалыматын таптакыр четке какты. Чынында ар кайсыны айта берген Азиза айымдын кайсы бир сөзүнө ишенүүгө болот. Же эмне ал Кунакуновду кыйнап жатканда көрүп турду беле? Кунакунов деле абакта жатып ар кайсыны айта бербейт деп ким кепилдик берет?  Бирок  оор беренелер менен айыпталган адам абакта жыргап жатмак беле, анын үстүнө өзүнө коюлган күнөөлөрдү мойнуна албай жатса… Кыйноо бар  десе болот… Ошентсе да, ага жокко чыгарылгыс далил керек эмеспи.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here