КСДП депутаты Автандил Кулбараков айымдардын  Эл аралык майрамы менен  кичи мекени Жумгалдагы айымдарды куттуктап, өзүнүн баалуу – белектерин берди. Аялдардын майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага Жумгал районундагы бардык айылдык аймактардан келишкен аялдар катышты.

Аларга майрамдын урматына белектер тапшырылып, иш-чара концерттик программалар менен уланды. Аталган иш-чаранын демилгечиси райондук администрация болсо, депутат А. Кулбараков ал майрамдын шаңдуу өтүшүнө ар тараптуу колдоо көрсөттү.  Ал өзүнүн куттуктоо сөзүндө айымдарга: чың ден-соолук, кажыбас кайрат, узун өмүр каалады. Андан соң чакырылган 70 айымга белектер берилди. Мындан сырткары, эл өкүлү райондогу эң кары 9 адамга да баалуу белектерди тапшырды.

Негизи эле депутат Кулбараков өзүнүн кичи мекениндеги эл менен тыгыз байланышта иш алып барып келет. Бир жылда канча майрам болсо, маселен Нооруз, 9-май Жеңиш күнү, 31-август эгемендүүлүк күндөрүндө да куттук айтып, ондогон адамдарга баалуу белектерин берип келет. Райондук деңгээлдеги жакшылыктар, ар кандай мааракелерге демөөрчүлүк кылып, социалдык көйгөлөрдү чечүүгө жана айрым кезде орун алып калуучу жамандыктардын да кесепеттерин жоюуга чоң салым кошуп келет. Ал тууралуу толук жазсак абдан көп сөз. Эл ага алкышын аянбай айтып, ак баталарын берип келишет. Эл өкүлдөрүнүн элге болгон камкордуктарына калк ыраазы болсо, анда алар аброй топтошору турган иш.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here