Далай кишинин тагдырын оюнчуктай көрбөгөн чиновниктер көбөйдү.  Сөздүн ток этерин айтсак  шаардагы Биринчи Май районундагы бир аткаминер көпчүлүктү көзүнө илбей калды. Ал акимдин курулуш иштери боюнча орун басары болуп иштейт. Руслан Шарапов деген тың чыкма  “Достук” кичирайонундагы 0,21 гектар жердеги  курулуш иштеринин башталышына көптөн бери тоскоолдук кылып келатат. Анын кесепетинен ондогон адамдардын  батири бүтпөй кыжалат болушууда.

“Айыл курулуш” компаниясынын төрайымы Бактыгүл Ибраимова далай жолу соттон утуп алганына карабастан негедир иши жүрүшпөй келүүдө. Буга түздөн-түз ушул билерман кызматкер себепкер болгонун  көп ирет айтканбыз. Арызданбаган жер, түртүлбөгөн чоңдордун эшиги деле калбады. Чамасы Русландын “крышасы” мэриянын лөктөрүнүн бири окшойт. Болбосо ал отурган жериме куурай сая албайсыңар дегенсип ишенимдүү жүрбөйт эле да? Ошондуктан азыр Бактыгүл Ибраимованын  айласы куруган кез.

Деги Р. Шараповдун ийри иштерин түзөлтчү кыйын жетекчилер бар болду бекен? Же кузгундун көзүн кузгун чукубайт деген жашоого кептелдикпи?  Шараповдун шайтандаган  жоруктарына чыдамыбыз кетип турат. Ага сунуштаган  ойлорубузду деле айттык. Бүгүн бир бөлмө батирге макул болсо, эртеси күнү мага эки бөлмөлүү батир берсеңер ишиңерди бүтүрөм деп чыгат. Анысына деле баш ийкесек  кайра тескериленип калат десең. Айтор бул жигиттин тоң моюн мамилесинен биротоло жадап бүткөндөн улам ЖМК кайрылдык. Балким ушул ирет тилегибиз оң чечилип кетээр? Ылайым ошондой чечилсе жети токоч жасап, түлөө өткөрүп коймокпуз,-дейт Б.Ибраимова күйгөндөн улам. Бул маселе боюнча орун басардын “шефи”, көп жылдан бери аким болуп келаткан Аскербек Алиев эмне дейт болду экен?

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here