Кара түстөгү узун, калың жана кооз кирпиктер ар дайым көздү көрктүү кылаары айтпасак да белгилүү. Бирок, тилекке каршы биз кыялдангандай каштар ар бир айымда боло бербейт. Мына ушундан улам “Кирпикке кандай кам көрүү жана аны кантип өстүрүү керек?” деген чеги жок суроолор пайда болот. Мындай суроолорубузга жооп алууда албетте кесипкөй инсандар бизге жардамга келет. Бул ирет биздин суроолорубузга визажист Жазгүл Беккелдиева жооп бермекчи.

— Жазгүл айым, алгач кирпиктин структурасы, анатомиясы тууралуу кененирээк маалымат берсеңиз?

— Табигый кирпиктер көздү зыяндуу чаңдардан, зыян келтирген майда нерселерден сактоо үчүн жаралган. Бирок, муну айымдар коргоочу нерсе эмес, жашыруун курал катары жасап пайдаланышкан. Кирпикти көрктүү кылуу менен көпчүлүк мырзаларды өзүнө тарта алышат. Косметикалык каражаттарды чыгарган фирмалар кирпик үчүн ар түрлүү туштарды, тарактарды, дары-дармектерди бүгүнкү күндө санын арбытып чыгарышууда.

— Кирпик өзү эмнеден турат?

— Кирпик өзү майда кылдуу чачтардан турат. Чачтын жүрөгү бар. Анын курамында белок жана керотин бар. Андан соң, кирпиктин чоң бөлүгүн ээлеген  “корков”  аттуу клетка бар. Бул клетка кирпикти бекемдейт. Мындан сырткары алты же тогуз калың катмардан турган “кутикула” аттуу клетка болот. Кутикула башта айтып өткөндөй бардык зыяндуу заттардан көздү коргоочу кызматты аткарат.

— Адам баласынын кирпиктери эмнеден улам бири-биринен айырмаланып турат?

— Ар бир адамдын кирпиктери бири-биринен калыңдыгы, узун-кыскалыгы, өңү-түсү менен айырмаланат. Кирпик тукум кууйт. Түпкү тегинде ата-бабаларынын кирпиктери кандай болсо, кийинки муунга балдарынан небере, чөбөрөлөрүнө чейин жетет. Мисалы, блондиндердин көбүнүн кирпиктери кара чачтуу адамдардыкына салыштырмалуу жаратылышынан кыска келет. Буга кошумча баштагы чачтар жана кирпиктер ар улуттуку ар башкача болот. Монгол расасындагы улуттун кирпиктери калың, курч келсе, евро улутундагылардыкы кыска, жука болгондугу менен айырмаланат.

— Кирпик кантип өсөт?

— Көздүн үстүңкү бөлүгүндө кирпик экиден төрт катарга чейин болуп, 200 штук майда чачтардан турат. Ал чачтардын узундугу 8 миллиметр. Ал эми көздүн алдындагы кирпик бир же эки катар жайгашып, 80 штук майда чачтардан турат. Ал чачтардын узундугу 60 миллиметр болот. Бардык кирпиктер 28 күндөн 200 күнгө чейин жашайт. Андан соң алар түшөт да, жаңы кирпиктер пайда болот.

Кирпиктин жашоосу үч стадиядан турат:

  1. Активдүү өсүүчү фаза 2 ден 3 жумага чейин созулат;
  2. Жымжырттык, белгисиз фаза 4 төн 7 жумага чейин созулат;
  3. Бул фазага калган бардык убакыт кирет.

— Кирпиктин жашоосу бүткөнгө чейин белгисиз себептерден улам түшөбү?

— Негизи кирпик жаңы кирпиктин түбү өсүп чыга баштаганда түшүп баштайт. Бирок, кирпик дайыма өсүп чыкканы менен күчүн жоготуп, баштагы кейпи бузула баштайт. Эми кирпиктин жөн жерден түшүп калуу себептерине токтоло кетсек.

Жасалма кирпиктерди кошуудан, чаптоодон, туура эмес тамактануудан, диетадан, стресстен, уйку жакшы канбагандан, сапатсыз косметикалык каражаттардан, туура эмес кам көрүүдөн, макияжды эрежелердин негизинде тазалабаса кирпик түшөт жана азаят.

— Кирпиктин жашоосун кантип узартса болот?

— Кандай гана кирпик болбосун ал да биздин организмибиздин бир бөлүгүн түзөт. Ага ар дайым туура кам көрүп, сакташыбыз керек. Күндө тушту кирпикте узак убакыт же 12 сааттан ашык кармоо туура эмес. Кирпикке туура кам көрүүнүн бир нече жолдору бар:

  1. Элдик метод. Көп учурда кирпикке кастор майы сүйкөп турсак, кирпик бекемделип, узарып, көрктүү болот. Кирпикке майларды сүйкөөдө аллергия чакырбаш үчүн алдын ала кесипкөй адистерге көрүнүү кажет.
  2. Профессионалдык косметика. Технологиянын өнүгүшү менен кирпикке туура кам көрүүчү препараттар чыгарылган. Мындан сырткары профессионалдык, зыяндуу химиялык заттары жок косметикалык каражаттарды туура пайдалануу да кирпикти алдын алат.

— Кирпик тууралуу кызыктуу фактыларды билесизби?

— Ооба, албетте. Алар төмөндөгүлөр:

— Кирпиктер эмбриондо 7 жуманын ичинде өнүгүп баштайт.

— Дүйнөдөгү эң узун кирпик Индия жашоочусу Пхуто Рав Маулиге таандык. Анын кирпигинин узундугу 5 см.

— Сууда жашаган жандыктардын дээрлик көпчүлүгүндө кирпик болбойт.

— Кирпикткер эч качан агарбайт жана карыбайт.

— Кирпикке эң көп колдонулган дарылар аспирин, ибупрофен, парацетамол.

Маектешкен, Айчүрөк Жоомартова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here