Орус тилдүү жаштардын арасында популярдуулукка ээ болгон тележылдыз Зарина Хасанова менен майрамдар туурасында маек курдук.

Зарина, маегибизди аялдардын Эл аралык 8-март майрамынан баштасак. Аталган майрамда көбүнчө кандай белектерди көбүрөөк алчу элең?

— Белек туурасында айтсам, ар кандай белектерди алчумун. Албетте, биринчи кезекте гүл. Себеби, гүлсүз бул майрам өтпөйт болуш керек. Бирок, негизинен өзүм гүлдү өтө жакшы көрө бербейм. Себеби, гүл бат эле соолуп калат. Ошонусу менен көп жага бербейт. Анан дагы ар бир күнү гүл алган мага жагымдуураак. Аялзатынын эл аралык бул майрамында бардык эркектер өздөрүнүн сүйүктүүлөрүнүн көңүлдөрүн алыш үчүн албетте гүл белек кылышат. А бул белек өтө эле кызыксыз. Негизи ар бир жөнөкөй күндөн эле чоң майрам жасаса болот. Атыр, зер буюмдарын, аксессуар, сувенирге окшогон белектерди көп эле алдым. Ар бир кыз белек алганда ал белек бир керекке жарагандай, ал белекти колдонсо жакшы. Мага эң башкысы белек эмес, ал адамдын мага карата болгон мамилеси жакшы болсо болду.

— 8-мартта алган эң баалуу белегиң?

— Чындыгын айтсам, кымбат баалуу белектерди алгандан корком. Менде такай ал кымбат белекти алуу менен сен ага байланып, же бир нерсе карыздай болгон сезим пайда боло берет. Бул жерде албетте, андай кымбат белекти сага кайсы адам белек кылганы маанилъъ. Жакындарыңан жана жакшы көргөн адамыңан андай белекти алууга болот. Бирок, чала тааныш адамыңан андай белекти алууга болбойт. Менин жашоомдо андай окуялар көп эле болгон, мен кымбат баалуу белектердин көбүнөн баш тарткам.

— Негизи эле 8-март сен үчүн кандай майрам?

— Чынын айтсам, мен майрамды сүйүүчүлөрдөн эмесмин. Дагы бир жолу айтып кетсем, мен үчүн жөнөкөй күндү эле майрамга айлантып жиберүү абдан жагат. Аялдардын эл аралык бул майрамына жөнөкөй эле карайм. Менде ушул күнү эркектер өздөрүнүн курбуларын, аялдарын ушул күнү эле эстейт деген ой пайда болот. А эркек деген өзүнүн сүйүктүүсүн дайыма эстеп, аны жөн гана эч себебпсиз эле майрамдатса деле болот.

— Жаздын келиши менен көп жаштардын жүрөгүндө сүйүү сезимдери ойгонуп калат эмеспи, сенде андай сезимдер болбойбу?

— Менде андай деле сезим болбойт, бат сүйүп калган кыздарга кошулбайм. А эгер адам бирөөнү буга чейин эле сүйүп жүргөн болсо, ал эч кандай мезгилге деле карабайт деп ойлойм. Сүйүү мезгилге, күнгө, аба ырайынын ысык-суугуна карабайт. Ошон үчүн жазгы  сүйүү мага эч кандай деле маанилүү эмес. А негизинен мен жаз мезгилин абдан жакшы көрөм. Жаз мезгили жылдын эң мыкты мезгилдеринин бири. Жазында менин туулган күнүм.

— Өзүңүздүн күйөрмандарыңды дагы эмнелер менен сүйүнтөсүң?

— Азыркы учурда мен бир канча ыр жаздырсамбы деп ойлонуп жаткан учурум. Бирок, бул ишке өтө деле шашканым жок. Менин андан башка да иштерим болуп атпайбы, ар кандай салтанаттарды алып барам, журналистика менен да иштейм, өзүмдүн телевизиондук автордук долбоорумдун үстүнөн да катуу иштеп атам.

Биздин Кыргызстанда бизнес бар бирок, шоу жок деп айтып жүрүшөт. Өзүң тележурналист катары биздин шоу бизнеске кандай баа бересиң?

— Муз кыймылдады десек болот. Биз ал деңгээлге жетиш үчүн абдан талыкпай эмгектенишибиз керек. Биздин шоу-бизнес жаңыдан гана башталып келе жатат десек болот. Бардык ийгиликтер алдыда деп ойлойм.

— Өзүңдүн жеке жашооңдо эмнелер болуп жатат?

— Ушул жаз мага өзүм издеп жүргөн жакшы адамды жоолуктурса экен деп атам. Менин жүрөгүм азыр бош. Жашоомдо баары жакшы.

Маектешкен: Төлөбүбү Касымалиева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here