Башкалардан өзгөчөлөнгөн аваз үндүн ээси болгон КРнын Эмгек сиңирген артисти Гүлназ Бекбосун кызын сыртынан көргөн адам токтоо мүнөз, созулган айым деп сүрөттөсөңүз жаңыласыз. Тескерисинче абдан шайыр,  ачык- айрым эч нерсесин жашырбаган мүнөздүн ээси экенин байкайсыз….

-Гүлназ айым, чыгармачылыктын чыйыр жолун кандайча тандап,  кандайча аралашып калдаңыз?

Чыгармачылык тууралуу айта турган болсом мен бала кезимден бери эле ырдап жүрдүм. Атам өзү комузда кол ойнотуп, тар чөйрөдө ырдап жүргөн таланттуу инсан эле. Комузду  5- класс кезимде атамдан үйрөнгөм. Мага кыйын деле болгон жок. Себеби, бир -эки жолу черткенден кийин эле көнүп ошондон бери комузум колуман түшпөй ырдап келем.

-Музыкалык билимиңиз барбы?

-Мектепти аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда “Элдик оркестр” бөлүмүнөн билим алгам. Окууну аяктаган жылы турмуш жолуна аттанып, Нарын жергесине келин болуп бардым. Жолдошум дагы чыгармачыл чөйрөдөн алыс эмес адам. Биз Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы ошол кездеги дүңгүрөгөн эң мыкты театрда эмгектенип калдык. Ал жакта Табылды Актанов жетектеген “Манас руху” – театры эле. Жалпысынан сегиз жыл иштеген экенбиз. Учурда Бишкек шаардык мериянын алдында “Кыргыз Руху”  фольклордук тобунда эмгектенебиз.

-Сиздин чыгармачылыгынызга ата- энеңиздин көз карашы кандай эле…

-Мен өзүм сегиз бир тууганмын. Агаларым, эжелерим башка кесиптин ээлери, мугалими, врачы , куручуусу дагы бар дегендей. Мен дагы ырчы болуп ырдап чыгам дегенимди ата-энем туура эмес көрүшкөн. Апам көбүнчө “Өзү кыз киши болсо, жашоо турмушу кандай болот”, – деп каршы болгон. Мени келечекте дарыгер же мугалим  катары көргүсү келди апам. Окууну  бүткөн убакта, улуу эжем Ошко турмушка чыгып, ата-энем кудага кеткендигине байланыштуу, Бишкеке келип Искусство институтуна тапшырып өтүп кетип ошол боюнча окуп калганмын. Кийинчерек апам моюн сунуп калды окшойт, окууну бүтүп, конкурстарга  катышып, 2001- жылы Ысык- Көл областындагы “Ысык-Көл 99” теле фестивалында–  фольклор жанрында үчүнчү орунду жеңип алдым. Ошондон кийин апам “ Менин кызым жөн кыз эмес экен”- деп, өзүнүн кеп-кеңештерин берип, өнөрүмдү колдоп келди.

-Алгачкы жолу чоң сахнада кайсыл жакта ырдагансыз?

-Менин алгачкы чоң сахнам Улуттук филармонияда “ Манас Руху”  ордосунда иштеп ырдагам. Бирок мен үчүн баардык сахна чоң жана ыйык. Кичине же  чоң деп бөлүү мен үчүн  тааныш эмес десем болот. Себеби, ар бир сахнадан мен рахат жана эргүү алып жашайм.

-Элдин талабы эстрадага көп болгондуктан эки жанрды тең тандагансызбы?

-Ооба, элдин көбү эстрада багытын талап кылышат. Бирок мен фольклор ырчысы болгондуктан ырларымдын токсон пайызы комуз менен ырдалат. Элдин талабына ылайык анча- мынча эстрада менен фольклорду айкалыштырып ырдап жүрөм.

-Бир мезгилде бирөөнүн шакирти болгон чыгарсыз, убакыт келип сиз дагы жаштарга насаат айтып устат болууга убакыт келгендир?

Менин устатым жумурай журтка белгилүү казактын кызы, кыргыздын келини Майра Керим кызы. Репертуарымдын сексен пайызы ушул эженин ырлары.Майра Керим кызындай устат боло албасам да комуз менен жаңыдан ырдап жүргөн таланттарга кеп кеңешимди берүүдөн качпайм. Устат катары өстүрүп жаткан шакиртим жок. Бирок, айткым келет бир пайыз талант болсо калганы аракеттен болот. Байкашымча артыбызда өсүп келе жаткан таланттар абдан көп. Аларды колдоп коштосок кыргыз элинин таланттардан уучу кур эмес.

-Устатым Майра Керим кызы деп калдыңыз, кандайча устат шакирт болуп калгансыз?

-Майра эже Ысык -Көл областына караштуу Тоң районунун келини мен өзүм ошол эле областтын  Түп районунун кызы болом. Ал кезде Тоң районунда  “Үмүт”,- деген эстрадалык ансамбль бар эле. Бир күнү айылдарды кыдырып концерт беришип биздин айылга да келип калышкан экен. Алар менен менин болочоктогу устатым Майра Керим кызы да келгенин угуп калдым. Ушунчалык ошол концерке мен да катышсам деп эңсеп акыры ал тилегим да орундалды. Мектеп окуучусу болсом да алар  ырдаган ыйык жерде мен да ырдап жатканым абдан эле мени толкундаттырбай койгон жок. Бирок ошол толкундоомо карабай Майра эже менин талантыма абдан жакшы баасын берип, жылуу сөздөрүн айтып менин ырчы болушума алгачкы тепкичти салып берген десем болот. Себеби, жакшы сөзүн уккандан кийин ого бетер дилгирленгем. Кийин эже менен турмушка чыккандан кийин жолугуп “ Эгиз жүрөк” деген ырын сурап ырдап чыктым. Ыр мага ийгилик алып келдиби же мен ырга ийгилик алып келдимби, айтор 2001-жылы  “Ысык Көл 99” теле фестивалынан 3- орунду жеңип алгам. Ошондон баштап чыгармачылыктагы байланышыбыз тыгыз болуп, байма бай ырларын алып ырдап жүрдүм. Кийинчерээк эже экөөбүз чыгармачылык гана катнаш эмес жеке эже-сиңди катары да сырдашып жакындардан болуп кеттик. Албетте, “Кимден үйрөнсөң ошого окшош болосуң”,- деген сөз бар эмеспи, окшош болбосом да шакирти болуп тарбия алганыма абдан сыймыктанам.

-Сахнада канча жылдан бери кызмат өтөп келе жататсыз, элге кызмат кылганыңыз үчүн мамлекет тарабынан ыраазычылык  алдыңызбы?

-Мамлекет тарабынан 2003-жылы Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамын ыйгарган. Бул наамды Нарын жергесинде иштеп жүргөн убакта алганмын. Андан тышкары Маданият министрлигинин ардак грамотасын, Тамара Жумакаева атындагы сыйлыктын лауреаты жана Бишкек шаардык мэриясынын ардак грамотасы жана башкалар.

Маектешкен: Жоомартова Айчүрөк

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here