“Күлкү-ден соолуктун мүлкү” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Эмесе элибизди күлкүгө бөлөгөн белгилүү куудулдарыбыздын айрым учурдагы окуяларын эске салып бир жыргап алалы.

“Элге кызмат кылалы”

Актёрлук чеберчилиги күчтүү Күмөндөр байкебиздин концерти деги эле укмуш өтөт эмеспи.  Мындан бир топ жыл мурда болгон бир концертте өзүнүн жети айлык болуп төрөлгөнүн айтып:

-Жети айлыктар тың болот. Мисалы: Наполеон, Гитлер, мен… Эми “ал жерде” бутуңду кенен сунуп жатпаган соң аябай жүдөйт экенсиң. А мен чыдабай кетип: “Эртерээк сыртка чыгалы, элге кызмат кылалы” тогуз айга жетпей эле чыгып алгам деп элдин боорун эзген эле.

https://www.youtube.com/watch?v=CCTlF3n_tD0

«Атканды билбейм»

 Эл куудулу  Абдылда мындан бир канча жыл мурда концерт учурунда элди минтип күлдүргөн жайы бар эле:

-Бир жолу командировкага барып мейманканага жайгашып калдым. Ошондо жанымдагы шеригим:

-Байке,  “охотога” барып келбейлиби?-десе болобу.

-Ой айланайын. Мен атканды билбейм. Ишенсең , өмүрү атып көргөн эмесмин,-десем каткырып:

-Байке эгер атканды билбесеңиз… Анда үйүңүздөгү балдар кимден?-дейт жанымды кашайтып. Көрсө, ал башкача мааниде айтыптыр. Башында ачык эле айтса түшүнмөкмүн. Эми мен деле эркекмин да…

https://www.youtube.com/watch?v=2yMLaFWt80Q

 “Атаңа кол көтөрө албайт экенсиң”

 -Бир жолу белгилүү обончу Бек Борбиевдин концертинде Борончу мырза өзүнүн боюна байланышкан интермедияны аткарганы эсимде калган экен. Сахнада образга кирип кеткен куудул:

-Мен бир нерсеге абдан капамын. Анткени үйдө менден башкалардын баарынын тең бойлору узун. Меники эле кыска. Көрсө, мен кошунама окшош экенмин. Анан бир күнү ошол кошунамды сарайдын артына ээрчитип барып сабай турган болуп токтоп калдым. Эмнеге?-дебейсиңерби?-деп элге кайрылды.

Концерт көрүп отурган эл:

-Эмнеге?-деп кыйкырса кайран куудул:

-Атаңа кол көтөрө албайт экенсиң,-деп күлдүрдү эле.

“Чечине турган адам бул жакта турат!”

 Жамбыл аке да башкалардан кем калышпайт. Кээде сахнага өзү жалгыз чыгып эле элди күлдүргөн касиетке ээ.  “Аралаш” куудулдар театрынын чоң программадагы концертинде бир жолу сахнаны өзү жалгыз ээлеп:

-Мен айдоочу болуп иштейм. Аялым болсо артист. Экөөбүз ынтымактуу эле жашап атабыз.  “Шофёрго эрге тийбе, артисттен аял алба “ деген макал болбогон кеп окшойт деп ойлогон элем. Бир күнү аялым мени киностудиядагы жумушуна ээрчитип барды. Анан мени ал жердеги башкы режиссёр менен тааныштыргандан кийин коридорго жалгыз калтырып, өзү бир бөлмөгө жанагы режиссёр менен ээрчишип кирип кетти. Булар эми эмне кылат болду экен?-деп тыңшап калсам аялымдын:

-Аячы… Жаным аячы,-деген онтогон үнү угулганда нервим кайнай баштады.

Болушунча сабыр кылып турган элем. Режиссёрдун:

-Жарайсың Зийнаш ! Эми Абдыкадыр экөөң чечингилечи,-деген сөзүн укканда чыдай албай баягы бөлмөгө кирип барып:

-Кандайча экөө чечиниши керек… Чечине турган адам бул жакта турат го?!- десем режиссёр:

-Байке сиз туура түшүнүңүз. Азыр ушундай кинолор абдан популярдуу болуп жатат,-деп жанымды кашайтып жатпайбы. Көрсө, жанагы макал туура эле айтылыптыр,-деп элге күлкү тартуулаган эле.

 “Үсөндү шайтан азгырып…”

 Тынар Курбаналиев  бир тойдо тамада болуп элге ушул окуяны айтып берген эле:

-Асан менен Үсөн деген эгиз балдар болуптур. Асаны семиз болсо, Үсөн аябай арык экен. Ал ушундай арык болгонуна капа болуп жүргөндө ага шайтан жолугуп:

-Сен семиз бала болуш үчүн Асандан биротоло кутулгуң келеби?-дегенде сүйүнүп кеткен Үсөн:

-Ооба. Ал үчүн эмне кылышым керек?-дептир андан кеңеш сурап.

Шайтан аны ого бетер азгырып:

-Асан апаңардын оң эмчегин эмген үчүн семиз көрүнөт экен. Эмесе бүгүн түнү уктаардын алдында Асанга билгизбей апаңдын оң эмчегине жыландын уусун сүйкөп кой. Асан эмгенде өлөт. Анан эки эмчекке бирдей ээ болуп сен семиресиң. Калганын кийин айтып берем,-деп кетип калат.

Үсөн шайтан айткандай апасынын эмчегине жыландын уусун сүйкө коюп уктап калган экен. Эртең менен ойгонсо эле үйдүн ичи ызы-чуу дейт. Көрсө, Асан менен Үсөндүн атасы өлүп калыптыр,- деп тойдо отургандарды күлкүгө бөлөгөн болчу.

               Нуркемел  Исаев  

https://www.youtube.com/watch?v=OdoKCXFWjKw

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here