Урматтуу АПАЛАР! Урматтуу АЙЫМДАР! Сиздерди “Чагылган” сайтынын эмгек жамааты бүгүнкү Эл аралык айымдардын майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Сиздер бар, жашоо ЖАРЫК, көңүл ШАТ!

ЭНЕ – бул жашоонун негизги МАҢЫЗЫ! ЭНЕ жок ЖАШОО да жок! Эне БЕЙИШ болсо, наристе анын ЭШИГИ!  ЭРКЕК жашоо ТҮРКҮГҮ болсо, АЯЛ үйдүн КУТУ!  Эркек АСМАН болсо,  аял аптаптуу КҮН! Эркек ТҮН болсо, АЯЛ ага жарык чачкан АЙ!  Аял ЖААН болсо, эркек ЧАГЫЛГАН! Кыз кыпкызыл аңкыган ГҮЛ болсо, эркек ага көз салган БАГБАН! Кыз кыраңдагы КАЛТАР болсо, Эркек көктөгү көзү курч БҮРКҮТ! Аял шаркырап аккан мөлтүр СУУ болсо, эркек сууга чаңкаган БАЙТЕРЕК! Селки сезимди козгогон КОМУЗ кылы болсо, боз улан аны сыздаткан КОМУЗчу! АЯЛ КӨЗ болсо, Эркек СӨЗ! Аял ЧАЧ болсо, Эркек БАШ! (албетте бул акыркы сөз тамаша экенин эсиңизге салабыз)

Мына ушундай салыштырууларды жаза берсек, ал түгөнбөйт! Урматтуу  биздин апалар, кымбаттуу айымдар сиздерге эки дүйнөнүн бар жакшылгын тилейбиз! Ылайым бакубат жашоодо жашаңыздар! Жүзүңүздөрдөн күлкү, жүрөгүңүздөрдөн сүйүү кетпесин! Ойлогон-ой-максаттарыңыздар орундалып, ооматыңыздар арта берсин! Сиздерди эч бир кайгы, эч бир жамандык кууп жетпесин!

Бар бол ЭНЕ, Бар бол АЯЛЗАТ! Сиздерге таазим, сиздерге урмат! Бүгүн баарыңыздар сүйүктүү адамдардан  өзүңүздөр күткөн БЕЛЕКтерди алыңыздар!

https://www.youtube.com/watch?v=2NRQsQgMyic

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here