ЖК депутаты Жыргалбек Турускулов комитет жыйынында “Кыргызалтын” ишканасынын жана “Макмал” алтын кенин ишмердүүлүгүн катуу сынга алды. Анын айтымына караганда “Макмалдагы” 14 332 рудадан араң эле 10 кг. алтын алынган экен. Ал эми өздөрүнүн маалыматында  ал рудадан 15 — 16 кг. алынмак экен. Ошондо ортодо 5 кг. алтындын дайыны жок. Анын баасы 900 млн. сомду чапчыйт дейт. Мына кызык. “Макмалдын” директору Каныбек Дыйканов  1 тонна рудадан 1 граммдан 2 граммга чейин алтын алынарын айтты. Жыргалбек мырза,  бул алтын кен өткөн жылы 174 млн. сом  чыгашага иштегенин кошумчалады.

Турускулов “Макмалды” ушундай ахыбалга алып келген жетекчиге кандай чара колдонуларына кызыкты. Бирок ал суроого адаттагыдай тыңгылыктуу жооп деле болгон жок. Чын эле, 5 кг. алтындын же, 900 млн. сомдун дайын-дарегин ким билет. Укук коргоо органдары уурдалып жаткан алтынды карабай кайсыл жакты карап жатышат.

Бул маселеге эч ким кайдыгер карабашы керек. Балким, бул кылмыштуу ишке кайсы бир таасирдүү атка минерлер да аралашып калышы толук мүмкүн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here