Абакта жаткан “Ата Мекендин” “атасы” Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын 9-март күнү Бишкек шаардык соту карай турган болду. Азырынча “ата мекенчилер”  жана оппозиция өкүлдөрү Чиркешовичти үй камагына чыгарат деп үмүт кылып турушат. Бийлик болсо, “үй камагына чыгарсак эле жеңилебиз”-деген маанайды карманып тургансыйт. Кеп жеңилгенде деле эмес. Эң башкысы эки тараптын келишкенинде го. Азырынча келише албас, бири-бирине андай “повод” берише албас… Бирок, ким билет эми…

…Арийне, 25-февралдан бери бийлик абактан Текебаевге өз талаптарын таңуулап жатканы тар чөйрөдө чала-була айтыла калып жатат. Өмүке, ар кайсы талаптарды угуп “суу кечпеген кепти айтпагыла, мен силерге көрсөтөм” –деп бултуңдап, текеден бетер сүзүп жиберчүдөй мүнөзүн көрсөтө калып, шарты жакшы камера ичинде сурактан кийинки бош учуруларында,  жамбаштап жатып алып, саясый китептердин, дүйнөлүк лидерлердин китебин “дүңүнөн” окуп жатыптыр. Өткөндө саясатта эл анчалык ишенбей турган  «трапилин» жасаган Трапмтын китебин суратканын кулагыбыз чалган.  Кыязы, андай китептердин ичинен өзүнө ылайык келген саясый ыкмаларды издеп жаткан өңдүү, билбегенин билип дегендей…Туура, саясатчынын кылаары ошол эмеспи.

Эмнеси болсо да, аялдардын майрамынан кийин Бишкек шаардык сотунун ( бийликтин дейли) Текебаевдин баш коргоосун кандай чечет көрө жатарбыз. Көпчүлүк, бийликтин Текебаевге карата катаал мамилеси азырынча өзгөрбөй турганын айтып жатышат…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here