(Белгилүү себептерден улам аттары өзгөртүлдү)

-Түштүктүн пахтазарлуу айылдарынын биринде төрөлдүм. Жерден боорумду көтөргөндөн баштап эле чоң атам атына учкаштырып, эгин талааларында алып жүрчү. Ал эми атам менен апам студент болгону үчүн мурунку Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында окушчу. Өзүмдүн ата-энем жайкы каникул учурунда эле барганы болбосо, башка учурда айылга жолочу эмес. Мен чоң атам менен чоң энемдин карамагында болчумун. Ал кишилер менин жашоомдун бир бөлүгү эле. Чоң энемдин жомогун угуп кыштын узун түндөрүндө чоң атамдын бооруна жабышып, жомоктогу жез тумшук келип калбасын деп уктачумун. Менин ал кубанычым көпкө созулбады. Мен мектеп босогосун аттаган кезде чоң атам аттан жыгылып каза тапты. Балалык жан дүйнөмө бүлүк түшүп, эң алгачкы жоготууну кабыл алдым. Өлүк шаанисин кылганыбыз соң, элдин баары кетип, чоң короонун бурчунда чоң энем экөөбүз эле калдык. Негедир күндөр мага кунарсыздай туюлчу. Атам жалгыз эркек. Жалгыз экенине карабай шаарда иштечү. Эки эжеси турмушта болгондугу үчүн үйүбүзгө каттаган киши да аз болчу. Кошуналардын анда-санда абал сураганы болбосо, дээрлик адам келчү эмес. Узун түндөрдө айтылчу чоң энемдин жомогу да азайды. Айлананы ак шейшепке орогон, бети-колду тызылдаткан, балалык доордун шаңына бөлөгөн кыш мезгили кирип келди. Жаңы жылда ата-энем шаардан  келип калышты.  Үй-бүлөдө менден  башка деле эки эркек бир тууганым бар эле, б бирок негедир мен аларга чоочун элем. Бала болуп шаарга бир да жолу ата-энемдин үйүнө барган эмесмин.

  • Айылдаштар кимдин баласысың десе Абсатардын деп жооп берер элем.
  • Кайсы Абсатар? Улакчынын небереси болосуңбу?-деп кайра сурашчу. Чоң атам белгилүү улакчы болгону үчүн өзүнүн аты унутулуп эле Улакчы атыгып калган. Ии деп баш ийкечүмүн.

Ошентип ата-энем келгенде аябай маңдай жарыла кубанбаганым менен ичим жылып турдум. Бир-туугандарым  келишкенде үйдүн ичине кандайдыр бир шаң кошулгандай болду. Өзүмдүн апам бою узун, арыкчырай, чачтары кундуздай кара, жүзүнөн нур тамган  сулуу аял эле. Атам болсо, олбурлуу кайраттуу адамдай көрүнчү.

Анан  сабак даярдоочу бөлмөмдө эки иним менен ойноп жатып суу ичүү үчүн. Ашканага баш бактым. Мен эшиктин туткасын кармай бергенимде чоң энемдин ыйлап жаткан добушун уктум:

  • Мен да карыдым жаштыгым калган жок. Көп ооруп жүрөм, менин көзүм өтүп кетсе Жаркыным кор болот го. Энесисиң, бооруңа тартсаң боло!
  • -Ии апа баягы жомогуңузду баштадыңызбы дагы. Жумуштан колум бошобойт. Турат менен Тимурду да апамдар карашат,-өзүмдүн апам чоёктоду.
  • Ошондо азыр эле апамдар мени шаарды көздөй алып кетишчүдөй абалга келе түштүм. Шаарга баргым келген жок. Чоң энемдин жанында эле калсам деп ичимден тиленип жаттым.
  • -Жүргүлө чай ичкиле?- Апам бизди чайга чакырды.
  • Дасторкон четинде үнсүз тамак ичип олтурдук. Атам бир кезде мага карап: —Жаркын сени шаарга алып кетелиби?-деди күлүмсүрөп.
  • Жок! Мен апамды карайм дедим,- шердене.
  • Чоң энемди апа дечүмүн. Апам кубанып:
  • — Ырысым менин,- ушул бар жашоом жарык болуп турат,- деди.-Кичине болсо да арстандай кайратуу.
  • -Арстандан арстан туулат да.- Өзүмдүн апам сөзүн табышмактантып койду.
  • Чоң энем ошол замат кайраттанып:
  • -Туура, сен айткандай  Болотум деле арстандай кубаттуу,- деди ишенимдүү.
  • -Болотуңуз кайдагы арстан? Мышыктын дал өзү,-деп апам маалкатты.
  • Атам бул сөзгө чычалап кетип:
  • Эй жаагыңды жапчы!-деди кумсарып.
  • Апам ошондо коркуп кетип:
  • — Ии эмне болду? Чын ошондой болот,- деп каяша айтты.
  • Бир заматта үй ичи ызы-чуу башталды.. Атам апамды чачтан сүйрөп, ур- тепкиге алды. Чоң энем экөөнүн урушуна чыдабай жүрөгү ооруп ооруканага түштү. Сабактан кийин коңшунун баласы мени чоң энеме алып барды.
  • Чоң энем үшкүрүнүп көкүлүмдөн сылап:
  • Кулунум менин. Сен аман -эсен чоңойсоң экен,-деди көзүнөн жашын чубуртуп.

Акыры чоң энем ооруканадан кайтпай каза болду…

Мен дагы ата энем менен шаарды көздөй кеттим. Атам алыс жакта иштегендиктен айына бир жума эле келет. Калган учурда апам экөөбүз эле үйдөбүз. Инилерим таенемдин колунда, алар жумасына бир күн эле келишет. Мен болсо таенемдин үйүнө дээрлик барбайм деле.

Апам мени менен иши жок. Тамак ичтиңби, сабак оку деп коёт. Мындан башка деле сөз сүйлөбөйт. Жашырганда эмне, үйүбүзгө күн сайын ар түрдүү эркектер келет. Ичип-жеп ырдап-чордошот. Анда мен балалыгым менен түшүнбөсөм керек, айланада эмне болуп жатканын. Бир күнү да апам адатынча бир эркекти ээрчитип келди. Экөө шарактап олтурса атам сырттан кирип келип экөөнү тең катуу сабап, мас немелерди жип менен байлап салып, мени кучактап уктап калды. Эртең менен турсак апам ээрчитип келген киши өлүп калыптыр.

Бул жагымсыз окуядан кийин  атам   камалып кетти. Апам мени болсо жатак мектепке өткөрүп салды. Мен жатак мектепте өзүм менен өзүм болуп, чоңойдум. Апам ошол бойдон мага кайрылбады. Мага боору ооруган мугалимдер эс алуу, майрам күндөрү үйлөрүнө алып кетишчү. Атам болсо камактан мен аскерге кызмат өтөгөнү кеткенимде чыгып келди. Аскерге жүргөнүмдө кат алышып турчубуз. Кийин байланыш үзүлдү. Ишенерим жок аракеттенип жүрүп бутума турдум. Дос күттүм, душман күттүм дегендей. Бир күнү сыртта бирөө чакырып жатканын келинчегим айтты. Чыксам атам экен. Маңдайымда чүкөдөй болгон чал турат. Бакырып ыйлагым келди. Аны үйгө кирдим. Келинчегим, балдарым атамды  жакшы кабыл алышты.  Бири-бирибизди көпкө көрбөгөндүктөн акыры атамды кетирбей калдым. Балалыгым жол кароо менен өттү. Бирок ага атамды күнөөлөгүм келбейт. Апамды күнөөлөйм. Атам биз менен жашаганына жыл айланганда атама аял алып берүү сунушун киргиздим. Атам чок баскандай секирди:

  • -Жок! Мен апаңды сүйгөм! Ансыз жашай албайм! Колуңдан келсе апаңды жаныма алып кел!..
  • Жүрөгүм сыздап кетип:
  • — Апам! Кайсы апам?..-Жүрөгүм сыздап жатты. Мен апам деп чоң энемди гана айта алам. Өз апам болсо мени бала ордуна көрбөдү…

Атам жаман болсо да апаң деп туруп алды. Атамды кыйбай апамды издеп таптым. Апам мени кучактап көпкө ыйлады менде болсо, сезимим сенек болуп, апам ыйлаган сайын, ар күнү үйүбүзгө келген эркектер элестеп жатты. Апамды кечире албаганым менен атам экөөнү бир үйгө бөлүп койдум. Тамак- аш, кийим кечеден өксү кылбадым. Бирок өзүм көп барчу эмесмин. Апамды кудай жазаладыбы, айыккыс оору менен ооруп жүрүп өтүп кетти. Ошондо атамдын боздогонун көрсөң чыдап тура албайсың.

Апаңдын бул жашоодон бакыт таппай кетишине мен күнөөлүмүн. Мен учурунда келин-кызды көрсөм кыя өтчү эмесмин. Шоркелдей апаң мага өчөшүп жүрүп бактысыз болуп өттү. Апамдын өлүмү барыбыздын башыбызды бириктирди. Кыскасы менде апа деген түшүнүк жок экенин билдиң да деди.

Эмне дээримди билбей,уккан кулагыма ишенбейм жаман болдум.

Автор: Альбина Шадыбекова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here