ЖКнын Эл аралык комитети бүгүн парламенттин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушевдин маселесин жабык эшик артында карашты. Комитеттин мүчөлөрү аппарат башчынын кыска убакыттын ичинде ЖК бюджетинин эсебинен 10 жолу чет мамлекетке чыгып келгендигине нааразычылыктарын билдирип: “Чет мамлекетке аппарат башчы эмес, депутаттар да мынчалык көп чыгышпайт” деген дулдуңдашты. Алардын бул айткандарына спикер Чыныбай Турсунбеков: “ Кутушев  чет мамлекетке 10 эмес, 6  ирет чыккан, анын 5 жолкусуна кеткен чыгымы чакырган тарап төлөшкөнүн, ал чет мамлекетке кыргыз парламентинин ишин жакшыртуу, тажрыйба алмашуу иретинде барып келди” – деп тактоо киргизди. Чын эле ЖКда бөйрөктөн шыйрак чыгара берчү депутаттар көп. Эгер чын эле Кутушевдин 6 жолку чет мамлекет чыккан чыгымын чакырган тарап төлөп жатса, анын эмнеси бар? Аппарат башчы жакшы иштеп жатат, парламенттин ичиндеги ирик-чириктерди тазалоого алгылыктуу аракеттерди көрүп жатканын аны жакындан билгендер кубануу менен айтышууда. Иштеп жаткан кишиге ичи тарлык кылуунун канчалык кажети бар? Бирок буга карабастан комитет мүчөлөрү спикерден аны 2 күндүн ичинде кызматтан алууну суранды. Болбосо, бул маселени ЖКнын жалпы жыйынында козгойбуз деп коркутушту.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here