Американын Global Finance каржы басылмасы дүйнө жүзүнүн эң бай жана эң кедей өлкөлөрүн аныктап рейтинг түзүп чыкканы маалым болду. Тизме боюнча Кыргызстан 148-орунга илиниптир. Өткөн жылга Былтыркы көрсөткүчкө салыштырмалуу биздин өлкө 142-орундан 148-орунга түшүп кеткен. Биздин мамлекет эми Папуа Жаңы Гвинеясы менен Жибути өлкөлөрүнүн ортосунда жайгашып калды. Рейтингди жүргүзүүдө басылма Бүткүл дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун маалыматтарына жана жан башына өндүрүлгөн ички дүң продукциясына таянат экен.  Аталган басылманын тараткан маалыматында биздин мамлекетте киши башына 3467 доллар ички дүң продукция туура келет.

Катар мамлекети…

Бул былтыркы көрсөткүчкө караганда 114 долларга аздык кылат. Казакстан  бул тизмеде 54-орунга илинсе, жаратылыш газын экспорттогон Түркмөнстан 73, кебез өндүргөн Өзбекстан 127-орунду ээлеген. А, бирок  бул кедейлик жагынан Кыргызстандан Тажикстан ашып кетиптир, ал өлкө 153-орунда.  Эң бай 10 өлкө: Катар, Люксембург, Макао, Сингапур, Бруней, Кувейт, Ирландия, Норвегия, Бириккен Араб Эмираттары жана Сан-Марино болуп эсептелсе, эң жакыр делген 10ка киришкен өлкөлөр төмөнкүлөр:  Борбор Африкалык Республикасы, Конго демократиялык республикасы, Бурунди, Либерия, Нигер, Малави, Эритрея, Мадагаскар, Коморы,  Мозамбик, Гвинея.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here