Үйлөнгөнгө чейин үй-бүлөлүк жашоону керемет элестетээр элем. Бирок качан гана жубайым менен баш кошуп, арадан бир аз убакыт өткөндөн тартып кыйнала баштадым. Анткени ата-энеме менин жубайым жакпай калды. Башында мактап жатышкан, кийин улам бир кемчилигин таап чыгып, тигини жасай албайт, муну минте албайт деп көп айтып калышат. Кабактарын ачпай, келинчегимди кагып-силкип отургандарын көрүп ага боорум ооруйт. Аялына болушуп жатат деп айтышпасын, кулагым укпасын башында деп сыртка чыгып кетип калаар элем.

Жубайым менен сүйлөшүп жрүп эле баш кошком. Бирок ал учурунда бир жигитке алданып калганын айткан. Сүйүү бар жерде андай нерсеге деле көңүл бурбай, мага өзүң жакшы болсоң болду деп үйлөнүп алган элем. Бирок үйдөгүлөр деле анын таза келген ,келбегенине маани беришкен эмес. Өзүм кеч үйлөнсөм, башкысы үйгө келин киргенине кубанып барпалаңдап тосуп алышкан. Келинчегиме ата-энемди сыйла, бир туугандарым менен сый мамиледе бол, үйдүн кичүүсүмүн, баары биздин үйгө конокко келишет деп көп эле айтчумун. Бирок кичүүсү болгон да кыйын экен, эже-карындаштарым, агаларым үй-бүлөсү менен чогулуп келишкенден кийин ар кимиси үйлөрүнө тарап кетет да үй жыйыштырган менин келинчегимдин мойнунда калып калат. Жеңелерим деле кыйратып жардам беришчү эмес.

Келинчегимдин боюнда болгонунан тартып аны аяп, жанынан чарк айланып чыкпай калдым. Кир жууса чайкаша коём, тамак жасаса отун жагып, суусун алып келип берем. Анын үстүнө апам өтө кылдат, таза аял болгондуктан келини бир нерсени туура эмес жасап албасын деп үйрөтүп да турчумун. Апам баарын байкап жүргөн окшойт, бир күнү экөөбүздү тең урушту:

— Бириң эриңсиз оокат кыла албай, экинчиң катындын оокатына аралашып эмне кылып жүрөсүңөр. Жалгыздап жасай албасаңар жөн койгула, өзүм жасайм,-деп. Унчукпай кутулдук. Келинчегимдин ар бир жасаган ишинен кемчилик табышып, мурунку келиндерин мисал кылып айтса меники чычалап ыйлайт. Анын көз жашын көрүп кыйбай кээде апама каяша айтып калчумун. Андайда эле үйдө чоң уруш чыкты дей бер. Апамдын эмнеге мынчалык мүнөзү өзгөрүпа кеткенине абдан таң калып жүрдүм. Кээде ага таарынып, кээде чындап жек көрүп, келинчегимди ээрчитип үйдөн чыгып кетип калгым келип, элдин сөзүнөн уялганыман гана жашап калдым. Бирок анын себебин кийин билдим.

Балалуу болгондон кийин келинчегимдин мүнөзү өзгөрүп, мени да кагып-силкип, апамдарга да каяша айтып калчу болду. Мындай көрүнүшкө өзүмдү күнөөлөп, ага учурунда болушуп жүрүп башыма чыгарып алган экенмин деп ойлодум. Бир нерсе десем чоң уруш чыгып кетет. Баланы алып кетип калам деп коркутат. Ата-энемен уялдым. Мурда эрте туруп жумуш жасаган жаны эми түштө эки-үч жолу кыйкыртып жатып араң турат. Эмнеге анын мынчалык өзгөрүп кеткенин билбей баш катырып жүргөн учурумда апам көзүмдү ачты.

— Мына, аялың башыңа чыгып кетет, бүт оокатты өзүң жасап каласың десем мени жаман көрүп жатчу элең, эми эмне болду. Кимибизди киши деп жатат. Ал сага турмушка чыгып жатканда эмне деди эле, жок дегенде мага жакшы жар бол, ата-энемди сыйла деп айттың беле?

— Айткам. Жакшы эле болуп жүрдү го.

— Мени эмнеге кайненелик мамиле жасады деп ойлонуп көрдүңбү?

— Кайненелердин баары эле ошондой го.

— Берки үч келинге ошентчи белем?

— Билбейм, андай деле эмес го.

— Сенин көзүң сокурбу, кулагың дүлөйбү, билбейм. Айылдын баары аялыңды аңыз кеп кылып эчак эле бүткөн. Эми коркконум төрөп-түшүп алды, сен эми бир баланы эмес эки-үч баланы кошуп багып калбасаң эле болду.

— Эмнени эле айтып жатасыз?!

— Аялың сенден мурда күйөөгө тийип алты жыл жашап эки баласы менен ажырашып кеткенин билдиң беле?

Уккан кулагыма ишенген жокмун. Апамдын адаттагы эле айың кеби деп кабыл алууга аракет жасаганым менен кызыктай абалда болдум.

— Аны сизге ким айтты?

— Эл айтып жатат.

— Эл билип коюптурбу. Жөн эле айта беришпейби.

Апам андан ары эч нерсе деген жок. Мен келинчегимен канча ирет сураганга аракет жасасам да оозум батпай койду. Балким калп болуп калып көңүлүн оорутуп аламбы деп ичиме каткан бойдон жашоомду улай бердим. Балабызга алты ай болгондо кайын-журтубузга айылчылап бардык. Ошол жактан кайненем:

— Балам, буга чейин эки баланы мен бактым, эми башка неберелеримди да карайын. Келиндер да балдарды өз энесине бер деп жатышат. Туура көрүп балдарды алып кеткиле,-деди.

Кеп эмне жөнүндө болуп жатканына түшүнбөй келинчегиме карадым.

— Актан менен Нурданды алып кетебиз,-деди.

— Каякка?

— Үйгө.

-Эмнеге?

— Балдарымды алып кетишим керекпи акыры!

Кайненем ошондо гана кызынын мага балдары тууралуу айтпаганын билди окшойт, алаканын шак койду.

— Алдамчылыгың калбаптыр ээ, каапыр. Эрге тийди десе кубандым эле, бул шордууга айткан эмессиң го балдарыңдын барын.

— Айткан-айтпаганда эмне. Учуру келгенде билет дедим да.

— Сен кара жерге кир!-деди кайненем кызын жекирип.

Алардын ортолорунда уруш чыгып кетпесин деп чочулап, сөздү андан ары улаган жокмун. Ордумдан турдум да сыртка чыгып кетип калдым. Келинчегим бир топтон кийин артыман келди. Көзүнүн жашын агызып алган. Карап туруп боорум ооруп кетти.

— Сага айтайын эле дегем, бирок катуу сүйгөндүктөн колуман чыгаргым келбей жашырып койдум эле… Кечирчи мени.

— Үйдөгүлөргө эмне деп айтабыз?

-Башында унчукпай эле коёлу, инилерин конокко алып келди деп коесуң да. Калганын ыңгайга карап көрө жатаарбыз.

Анын айтканына макул болдум. Энесин сүйүп алып жатсам балдарын таштап коймок белем деп ойлодум. Биз үчөөбүз кетип бешөө болуп келгенде эле апам дароо шекшиди. Атамдын да кабагы ачылбай калды. Бирок эч нерсе дешкен жок. Келинчегим да өзгөрүп, ата-энемдин оту менен кирип, күлү менен чыга баштады. Демек, эптеп балдарым ушул жерге батып кетсе экен деп жатса керек деп боорум ооруп, аядым. Анткен менен бала деген бала экен, жашоого оорчулук алып келет тура. Анан калса экөө тең тентек. Бир орунга тура алышпайт. Биз батышпай калдык. Үйдөн кут качкансып эки баланын келиши менен үйдүн аурасы бузулду. Апам балдарды кагып-силкет. Бир күнү менден да ачуусун чыгарды:

— Сага эмне деп айттым эле. Жүрө бер эми, көрүнгөндөн тууп келген балдарын багып.

— Анан эмне талаага таштап салсынбы?

Оозуман ушул сөз чыгып кетти.

— Баргыла да өзүңөрчө жашагыла. Өз балаңа араң чыдаган заманда чоочун балдарга чыдаар алыбыз жок.

Апам менен кер-мур айтышуудан кийин келинчегиме убактылуу балдарды апасына жеткирип берип турууну сунуштасам аным чалкасынан кетип, долулугун карматты.

— Балдарды кетирсем алар менен кошо мен дагы кетем. Үчүнчү тирүүлөй жетим кылып сенин балаңды да ала кетем.

— Башында айтканыңда маселени чечмекпиз, эми мени да ортодо кыйнабачы.

— Эркек болсоң азыр деле чечим кабыл алгын кеч эмес. Оокатыңарды кылам, ушул эки баланы бакканга арзыбайбы.

Ойлоп көрсөм аныкы да чын. Керелден кечке кир жууйт, нан жасайт. Айлык албай иштейт дегендей. Жок дегенде ошонун баасы эки баласы болушу керек го. Анын үстүнө менин баламды да алып кетип калса, ал дагы ушул эки баланыкындай тагдырга туш болобу? Кийинки барган жеринде түрткүнчүк болуп жүргөнүн каалбайм. Демек, эмнеси болсо да чыдашым керек. Апам айткандай үйдөн чыгып кете турган болсок батирге акча төлөп жашай албайбыз. Келинчегим үч бала менен үйдө отурса, мен жалгыз иштесем, аным кайсынысына жетет. Айтор башым катты.

Азыр үйдө күнүгө уруш-талаш. Апамды кыя албайм, же келинчегиме болуша албайм. Бирде аларды күнөөлөсөм, бирде туура чечим кабыл ала албаган өзүмдү күнөөлөйм. Айтор мындан аркы жашоом кандай болоорун да элестете албай калдым. Апам болсо карылар үйүнө кетип калабыз деп коркутат, келинчегим үй сеники, кичүү балага кала турган үйдүн ээсисиң, биз эч жакка кетпей жашайбыз дейт. Бир туугандарым да биздин чатагыбыздан тажап бүтүшүп, үйгө келбей калышкан. Мен кулагымды жапырып алып жашап жүрөм. Бир туруп ата-энемдин айтканы туура өңдөнөт, бир туруп келинчегимдики…

Мага кеңеш берип, акыл айтаар адам да табылбай койду. Баламдын атасыз өскөнүн каалабайм, келинчегимди сүйгөндүктөн аны менен ажырашкым келбейт, ата-энемди да жакшы көрөм. Эмне кылышым керек?..

Автор:  А.Кадырова    

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here