Бүгүн Mercedes Benz Sprinter  үлгүсүндөгү шектүү унаа чек арачылардын кылтагына түшкөн. Андан соң, «Баткен» бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ал унаанын ичинен 4 миллион 602 миң сомду чапчыган дары-дармекти табышкан. Ал дарылар контрабандалык жол менен  алынып баратканы белгилүү болгон. Дарылар негизинен: муун ооруларына, простатит, оору басаңдатуучу, инсульт оорусунан кийин колдонуучу багытында болгон.  Азырынча бул дары-дармектер кайсы дары бизнесменине, же атка минерге таандык экени айтылбай турат. Мындай иштерге жакшылып, тыкыр көз салып турбаса,  көп учурда “жабылуу аяк, жабылуу бойдон” калып калчу эле бизде. Албетте, баасы 4,5 млн. сомдон ашкан дары бир байкуштуку эмес деңизчи. Чоң бизнесмендики, балким саясатта аралашып жүргөн атка минердики болуп чыгат. Дагы айтсак, “Баткен” бажысынан мындай мыйзамсыз дарылар биринчи жолу өтүп жаткан жери жок. Деги эле, ал Баткендеги бажыдан Тажикстанды көздөй дарыдан башка күйүүчү май, ар кандай товарлар мыйзамсыз өтүп келет. Бул жолу дарыны мыйзамсыз ташыгандар бажычылар менен тил табыша албай калган болуу керек. Ошон үчүн, андай эмес, мындай деп кылтакка илип коюшту десек болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here