Ажо Атамбаев бүгүн мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушкан инсандарга сыйлык тапшырып жатып, парламенттин тарап кетишин колдой турганын  жар салды. Анын бул билдирүүсү коомчулукка тегиз жагып, ага ыраазы болуп, ал тургай ак батасын аябай турганы ачыкталып калды. Ал эми спикер Чыныбай Турсунбеков айткан ФБдагы “чала сабаттар” ажонун бул билдирүүсүнө миңдеген комменттерди жазышып, энелери эки эгиз төрөп салгандай, төбөлөрү көккө жетип сүйүнүп турушат. Түрүлө чогулуп, түтүнмө-түтүн түлөө өткөрүп жиберишпесе болду, «Аксарбашыл» дешип…мейли антсе да, жарашат деңизчи.  Көрсө, элге Президенттин ушул эле сөзү жептей турган экен. Президент ушундай курч, керектүү кептерди көп айтып турса, аброю укмуш көтөрүлчүдөй. Президенттин бул айтканы эми иш жүзүнө ашышын миллиондогон мекендештерибиз тилеп башташты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here