КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Президенттин бүгүн парламенттин тарап кетиши тууралуу айткан пикири боюнча өз оюн билдирип, бул маселени биринчи “Өнүгүүнүн” лидери Бакыт Төрөбаев айтканын, айткан киши сөзүнө турушу керектигин, эр жүрөк болсо, “мандатын таштап, башкаларга жол көрсөтсүн” деп кескин айтты. Бул да бир четинен туура. Төрөбаев эми сөзүнө туруп, мандатын ыргытып басып кете алабы? Эгер Төрөбаев кетсе, анын артынан кетишеби? Бул ачык суроолорго депутаттар жооп айткысы келишпейт.

Эч нерсе боло электе Искак Масалиев менен Каныбек Иманалиевдин ичтери “өтүп” кеткенби, айтор ал экөө да өз ойлорун жар салышты. Масалиев: “90 пайыз депутаттар парламенттин тарашын каалабайт” десе, Иманалиев: “Парламентти таратууга негиз жок” деп чыйпылыктап жиберишти. Чынында парламенттин тароосуна каршы чыгып, ичтери өтө турган депутаттар көп эле. Бирок мандатын ыргытып жиберип, басып кетчүлөр жокко эсе. Эртең эле Төрөбаевдин эркектик намысы ойгонуп кетпесе…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here